www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Ботторду токтоткула, акча берип аларды кармап турган фабрикаңарды жапкыла!». Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров бүгүн, 15-ноябрда «Сөз эркиндиги жана пикир билдирүү эркиндиги: мыйзам түрүндөгү демилгелер» деп аталган тегерек столдо билдирди.

«Массалык маалымат каражаттарынан канчалык көп таяк жесек дагы аларсыз жашай албайбыз. Бул жактагы азаматтар оң маанайдагы маалыматтарды көп жазсаңар деген пикирин айтып өттү. Айлык көбөйдү, жакшы жаңылыкпы? Атаңдын көрү, айлык карыз алып көбөйүптүр, жаман жаңылыкпы? Бул факт. Маселе журналистте эмес, маселе маалыматты кабыл алган инсанда. Кеп окуп жаткан кишиде. ЖМКлардын аткара турган вазыйпасы элге маалыматтарды жеткирүү.
Ар бир пикир айткан кыргызды камай берсек эртең ким сүйлөйт? Жарандардын эркиндиги үчүн күрөшүү керек. Өз пикирин айткан жаран калабы? Мына кармалып жаткан 20 дан ашуун инсан… Биз кайда баратабыз? Тилекке каршы сөз эркиндигине келгенде бириге калып калган маселелерде унчукпай жатабыз. Кыргызстанда кыбыр эткен нерсенин баары бизге тиешеси бар. Мыйзамдын тегерегинде сөз болуп жаткандан кийин жалган маалыматтан этият болуу дегенди урматтуу Мурат мырза, мына Дайыр Орунбеков иним жакшы билет. Биздин кесиптештер айткан ботторду токтоткула, акча берип аларды кармап турган фабрикаңарды жапкыла. Андан көрө көйнөк тиккен фабрика ачкыла. Сөз эркиндигине келгенде биздин элди коркутуу мүмкүн эмес», - деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости