www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Туруктуу өнүгүү жолун тандаган мамлекеттер аялдардын бизнестеги лидерлиги маанилүү деп эсептешет. Дүйнөлүк экономикада аялдардын орду алмаштыргыс экендигин изилдөөлөр да көрсөттү. Тилекке каршы, айрым өлкөлөрдө аялдар лидерлиги боюнча маселелер жаралып, социалдык-экономикалык көйгөйлөр менен коштолууда.
Экономикалык жактан активдүү аялдар жумуш орундарын түзүү, өндүрүш жана кайра иштетүү, үчүнчү мамлекеттерге экспорттун көлөмүн көбөйтүү багытында натыйжалуу иш алып барышып, туруктуу ата-мекендик компаниялардын калыптанышына чоң салым кошушат.
Кыргыз экономикасы да экономикалык жактан активдүү жана финансылык көз карандысыз аялдарга муктаж. Бирок, коомдогу маданий чектөөлөр аялдардын бул тармакта максималдуу өнүгүшүнө тоскоол болот. Кыргызстан глобалдык экономикалык системанын бир бөлүгү катары заманбап процесстерге интеграцияланып, жөндөмдүү кадрларга муктаж.
Ушул жылдын октябрь айындагы кыргыз ишкер аялдардын Бириккен араб эмирлигине расмий визити менен барышы – БАЭнин мамлекеттик саясатында ишкердиктеги аялдардын орду жана аларды колдоо боюнча бир катар жаңы идеяларга түрткү болду. Баарыбызда араб дүйнөсүндө аялдардын өнүгүүсүнө чек коюлган деген стереотип калыптанып калган. Чындыгында, андай эмес. Эмиратта тең укуктуулук орун алып, керек болсо аялдар ири компанияларды башкарып, мүмкүнчүлүктөрдөн бирдей пайдаланышат.
Аялдар саясатта да абдан активдүүлүк менен карьера жасашууда. Алардын бүгүнкү күндөгү мамлекеттик саясатынын багыты ушундай. Ар бир эмиратта аялдар ишкердигин өнүктүрүү боюнча атайын кеңештер иш алып барат.
БАЭдеги аялдардын бизнестеги ийгилиги – бул мамлекет умтулган максаттуу көрсөткүч. Ачык маалыматтарга караганда, эмираттын 48% аялдары 13,6 млрд долларды түзгөн жеке бизнестин ээлери.
Бул көрсөткүч глобалдык лидерлер аялдар ишкердигине багыт алып, айымдардын потенциалын өнүктүрүүгө аракет күч экендигин далилдеп турат.
Кыргызстан да жакынкы убакта аялдар ишкердигин колдоо рейтингинде татыктуу орунду ээлеп, ийгиликтүү кейстерге жетишет деп ишенгибиз келет.
Буга алгачкы кадамдар ташталды. Кыргызстанда ишкердиктеги аялдарды колдоо максатында алгачкы гендердик облигациялар чыкты. Долбоор "Азия банкы", БУУ-Аялдар, GFC, Кыргыз Фондулук Биржасы, жана "Сенти" каржылык компаниясы менен өнөктөштүктө ишке ашууда. "Азия банкы" ишкер аялдардын бизнесин өнүктүрүүгө, алардын жашоосун жакшыртууга, гендердик теңчиликке жетүүгө, аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган социалдык гендердик облигацияларды чыгарган алгачкы банк-эмитент болуп калмакчы.
Гендердин облигациялар 2022-жылдын 18-ноябрь күнү Бишкек шаарындагы Novotel мейманканасында сатыкка коюлат.
Булак: NazarNews.kg