www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

19-ноябрь күнү бүткүл дүйнөдө аялдар ишкердигинин күнү белгиленет. Бул дата алгач ирээт 2014-жылы башталып, ишкер аялдарды колдоо жана алардын көйгөйлөрүн чагылдыруу колго алынган.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына караганда, Кыргызстандагы ишкерлердин үчтөн бирин аялдар түзөт. Былтыр ишкер аялдар күнүнүн алдында бизнестеги айымдарды колдоо боюнча мамлекеттик программа иштелип чыккан. Быйыл, 18-ноябрь күнү - гендердик облигацияларды чыгаруу боюнча социалдык долбоор ишке кирет. Максаты - туруктуу өнүктүрүү багытындагы долбоорлорду каржылоо.

Долбоор "Азия банкы", БУУ-Аялдар, GFC, Кыргыз Фондулук Биржасы, жана "Сенти" каржылык компаниясы менен өнөктөштүктө ишке ашууда. "Азия банкы" ишкер аялдардын бизнесин өнүктүрүүгө, алардын жашоосун жакшыртууга, гендердик теңчиликке жетүүгө, аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган социалдык гендердик облигацияларды чыгарган алгачкы банк-эмитент болуп калмакчы. Социалдык облигациялардын классикалык түрүнөн айырмасы - андан түшкөн каражат социалдык долбоорлорго багытталат жана Эл аралык капитал ассоциациясынын (ICMA) эл аралык принциптерине ылайык чыгарылат. Социалдык облигацияларды чыгаруу долбоорун “Астана GFC” каржы борбору жүргүзөт. Аталган борбор ICMA жана Climate Bonds Initiative тарабынан аккредитацияланган Борбордук Азиядагы жападан жалгыз компания болуп эсептелет.

Гендердик облигацияларды компаниялар, каржы фонддору, эл аралык компаниялар, юридикалык жана физикалык тараптар сатып ала алат. Облигацияларды сатуудан түшкөн каражат насыя берүүгө, өндүрүш, айыл чарба, тейлөө тармактарындагы орто жана кичи бизнести өнүктүрүүгө жумшалат. Насыяны аялдар гана башкарган, ээлик кылган, жетектеген же кызматкерлеринин 30% аялдардан турган ишканалар гана ала алат. Сиздерди Кыргызстандагы алгачкы гендердик облигацияларды сатуу иш-чарасына катышууга чакырабыз. Датасы: 2022-жылдын 18-ноябры, жума күнү, убактысы: 09:30 - 12:00. Өтүүчү жайы: Бишкек шаары Манас проспектиси №16, Novotel. Байланыш үчүн: Эрика Иманкулова, тел.: +996 702 004 480, Айжан Мамбеталиева, тел.: +996 990 985 589.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости