www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Саясатташтыруу, тамак-аш жана энергияны курал катары колдонуу аракеттери кабыл алынгыс. Дүйнө өлкөлөрү буга катуу каршы чыгышы керек. Бул тууралуу бүгүн, 15-ноябрда Балиде өткөн Чоң жыйырмалыктын саммитинде Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин билдирди.
«Биз азык-түлүк жана энергетика маселелерин саясатташтыруу жана куралдандыруу аракеттерине чечкиндүү каршы турушубуз керек. Бир тараптуу санкцияларды жокко чыгарып, тиешелүү илимий-техникалык кызматташууга чектөөлөрдү алып салуу керек», - деди ал.
Кытай лидери G20 өлкөлөрүн өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздук тармагындагы көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берүүгө чакырды.
«Өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздугу жаатындагы коркунучтар күч алууда. Чоң жыйырмалыктын өлкөлөрү буга көңүл буруп, өндүрүш, сактоо, каржылоо жана техникалык колдоо жаатында керектүү колдоо көрсөтүшү керек», - деди Си Цзиньпин.
Ал ошондой эле идеологиялык жана блоктук антагонизм дуйнөгө зыяндуу экендигин айтты.
«Биз бир глобалдуу айылда жашайбыз. Ал эми ар кандай коркунучтарга кабылганда биргелешип аракеттенишибиз керек. Идеологиялык демаркация, карама-каршы альянстар жана блоктордун саясий оюндары дүйнөнү бөлүп-жарып, адамзаттын глобалдык прогрессине жана өнүгүшүнө тоскоол болот», - деди ал.
Си Цзиньпиндин айтымында, дүйнөлүк экономика рецессия коркунучунда турат (экономикалык өндүрүштүн салыштырмалуу орточо, критикалык эмес төмөндөөсү же экономикалык өсүштүн басаңдашы).
«Биз туруктуу глобалдуу өнүгүүнү алдыга жылдырышыбыз керек. Экономикалык ааламдашуу каршы шамалга туш болуп, дүйнөлүк экономика рецессия коркунучунда турат. Баары жапа чегип жатат, биринчи кезекте өнүгүп келе жаткан өлкөлөр жабыркайт», - деди Кытай лидери.
Ал коронавирустук пандемияга каршы күрөшүүдө эл аралык кызматташтыкты тереңдетүүгө жана экономиканы калыбына келтирүү үчүн шарттарды түзүүгө чакырды.
Булак: NazarNews.kg