www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 15-ноябрда Ак үйдүн жанында митинг өтүүдө. Чогулган эл Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга өткөрүүгө каршы.
Милиция кызматкерлери ал жерде митинг өткөрүүгө тыюу салынганын айтып, алардан аймактан чыгып кетүүнү суранды.
Бүгүн Жогорку Кеңеште Эл аралык иштер комитети бул келишимди карайт. Кемпир-Абадды коргоо комитетинин мүчөлөрү буга чейин бул документти четке кагууну депутаттардан суранышкан.
Саат 14:00 чамасында митингдин катышуучулары Горький аянтына көчүштү. Алар ЖК бул маселени караган сайын чогулушаарын белгилеп, бул узак мөөнөттүү акция болоорун айтышты.
Ал арада өзбек тарап кечээ, 14-ноябрда келишимди ратификациялады.
Эске салсак, Өзбекстан менен мамлекеттик чек араны аныктоо боюнча келишим Кыргызстанда саясий чуу жараткан. Тактап айтканда, Өзгөн районунун тургундары Кемпир-Абад суу сактагычынын өзбек тарапка өтүшүнө каршы болушкан. Бул келишимге айрым саясатчылар, жарандык активисттер да каршы чыгып, Кемпир-Абадды коргоо комитетин түзүшкөн.
Булак: NazarNews.kg