www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Куралдуу күчтөргө деңиздеги аскердик кагылышууларга даярдыктарды координациялоого жана өлкөнүн деңиз чек араларын жана кызыкчылыктарын коргоого буйрук берди. Бул тууралуу ал кечээ, 7-мартта Кытай парламентинин жылдык жыйынында билдирди.

КЭРдин башчысынын айтымында, өлкөдө кибермейкиндиктен коргонуу системасын түзүү жана улуттук тармактын коопсуздугун камсыздоо мүмкүнчүлүктөрүн өркүндөтүү зарыл. Мындан тышкары, Си Цзиньпин армияны реформаларды алдыга жылдырууга жана өнүгүп жаткан аймактардын стратегиялык мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу үчүн инновацияларды кубаттоого чакырды.

Ошондой эле Кытайдын тышкы иштер министри Ван И дагы бир жолу өлкөнүн Түштүк Кытай деңизиндеги укуктарын коргоого даяр экенин ырастап, башка өлкөлөрдүн чагымчылдыктарынан кабардар болууга чакырды.

Эске сала кетсек, буга чейин Индия Кытайдын чек арасына он миң жоокерин жөнөткөн. Буга чейин Иран, Кытай жана Орусия биргелешкен деңиз машыгууларын өткөрөрүн кабарлаганбыз. Ошол эле учурда Түштүк Корея Америка Кошмо Штаттары менен Freedom Shield биргелешкен машыгууларын өткөрүүдө.

Последние новости