www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын Нижневартовск шаарындагы өндүрүштүк базада 52 жаштагы Кыргызстандын жаранын мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды.

«Комсомольская правда» билдиргендей, кармалган адам Калининград облусунун тургуну, ал Сибирь шаарына убактылуу иштөө үчүн келген.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, шектүү менен кыргызстандыктар өндүрүштүк базада иштешкен. Февраль айында алар мушташып, андан кийин кармалган адам эркек кишини бир нече жолу жарадар кылып, андан соң өлүктү көчөдөгү ажаткананын чуңкуруна ыргытып жиберген.

Кесиптештери кыргызстандыкты издей баштаганда, шектүү ал башка мекемеге которулуп кеткенин билдирген. 

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости