www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан менен Кытай 6 маанилүү документке кол коюшту. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кол коюлган документтердин ичинде ири долбоорлор бар:

- Электр энергиясы менен камсыздоо үчүн энергетикалык инфраструктураны кошуу жөнүндө меморандум;

- Пландаштырылган Бедел өткөрүү пункту аркылуу өтүүчү автожолдун курулушу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандуму (бул эки өлкөнүн чек арасындагы үчүнчү өткөрүү пункту болот);

- Сары-Жаз дарыясынна ГЭСтер каскадын куруу боюнча кызматташуу меморандуму. Ага Энергетика министрлиги менен кытайлык ТВЕА компаниясы кол коюшкан;

- Кыргызстандыктарга Синьцзян-Уйгур автономиялык районунун ЖОЖдорунда билим алуу үчүн 25 орун менен камсыз кылуу боюнча макулдашуу;

- КР Энергетика министрлиги менен ТВЕАнын ортосундагы 500 кВ Кемин – Торугарт электр өткөргүч линиясын куруу боюнча кызматташуу меморандумунун долбоору;

- Чек арадагы электрондук сооданы өнүктүрүү үчүн почта кызматтарынын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү жөнүндө макулдашуу. Нарын облусунда жана Ош облусунун Алай районунда соода-логистикалык комплекстерди жана алымсыз чек ара соода жайларын куруу мүмкүндүгү каралды.

Булак: NazarNews.kg 

 

 

Последние новости