www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Смартфонду караңгыда колдонуу канчалык кооптуу?

Смартфондордо жана башка гаджеттерде болгон радиожыштык нуру дененин ткандарына сиңип, ден соолукка терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Бул тууралуу дарыгер-невролог Мария Игнатова «Прайм» агенттигине айтып берди.

«Айрым изилдөөлөргө ылайык, смартфондордон чыккан радиожыштык нурлануу тукумсуздуктун, залалдуу шишиктердин, неврологиялык жана психикалык оору коркунучун жогорулатат», — дейт дарыгер.

Ал электромагниттик радиожыштык талааларына бөтөнчө балдар, кош бойлуу аялдар, жүрөк-кан тамыр, нерв жана иммундук системасы бузулган адамдар сезимтал келерин белгилеген. Бирок учурда смартфондордон чыккан радиожыштык нурлануусунун адам организмине тийгизген таасири жөнүндө так маалымат жок.

Адис анткен менен смартфонду караңгыда колдонуу балдар үчүн да, чоңдор үчүн да кооптуу экенин белгилеген.

«Телефондун экранынын көгүлтүр жарыгы көзгө, биологиялык ыргакка терс таасирин тийгизип, уйкусуздукту, баш ооруну, иш жөндөмдүүлүктүн төмөндөшүн, эс тутумдун начарлашын жана көздүн деградациялык ооруларынын пайда болушун шарттайт»,— деген Игнатова.

Ошондой эле ал смартфонго көз каранды адамдар уктаарда жана эс аларда аны алысыраак жакка коюуну сунуштаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости