www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чүй облусунун Сокулук районундагы Военно-Антоновка айыл аймагында жайгашкан аянты 436 гектар жер тилке мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
«1995-жылдан бүгүнкү күнгө чейин «Рассвет» биргелешкен чарба эч кандай укук белгилөөчү документтери жок 436 гектар жерди мыйзамсыз ээлеп, пайдаланып жүрүшкөн. Ал жер мурда жарандарга «Рассвет» колхозунан жер үлүшү катары берилген болчу. «Рассвет» колхозунун 3251,5 гектар жери бар. Анын ичинен 2133 гектары сугат айдоо жана 1118,5 гектары кайрак айдоо жерлери. Алар 1992-1995-жылдары «Рассвет» колхозунан үлүш катары берилүүгө тийиш болгон», — деп жазылат маалыматта.