www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кутман курак кут болсун! Алтымыштын ашуусунда же элге арналган өмүр...

“Атадан үч уул төрөлөт” деген кеп бар элибизде. Аны чечмелей келгенде, “атадан кем уул, атага тең уул, атадан артык уул” деп айтышат. Ошол сыяктуу, ар бир адамдын ийгиликке жетүүсү эң ириде анын кандай үй-бүлөдө төрөлүп таалим-тарбия алганы, анан албетте өзүнүн аракетине байланыштуу болору шексиз.

Минтип кеп төркүнүн алыстан баштап калганыбыздын да өзүнүн жөнү бар. Анткени бүгүн, тагыраагы 2018-жылдын 16-ноябрь Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Шарипович Жээнбековдун өздүк майрамы экен. Андыктан, ажобуздун өмүр баянына көз жүгүртүп эл-журтка азыноолак маалымат берип коюууну эп көрдүк.

Аккан арыктан суу агат...

“Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин” дегендей, президентибиздин атасы Шарип Жээнбеков өз мезгилинин көрүнүктүү жана калктын камын көргөн адамдардын бири болгон. Айыл аксакалдарынын айтымына караганда, эл да Шарип Жээнбековго “Шарип аке” дешип сый-урмат менен кайрылган. Анткени Шарип Жээнбеков башка жергиликтүү жетекчилерден берген убадасын ар дайым аткарган, сапаты менен айырмаланып турган дешет. Ошондой эле Шарип ата мыкты чарбачыл жетекчи кары да эл оозуна алынган экен. Бир колхоздун башкармасы болуп, кийин райондук керек жарак коомун жетектеген. Ал элдин эсинде бир эле учурда жогорку интеллектуал жана эл арасынан чыккан жөнөкөй эр азамат катары сакталып калган.

Жөнөкөйлүк демекчи, дал ушул сапатты атадан балага өтүп президентибиздин жөнөкөйлүгүн айылдаштары атасына көп окшоштурушат.

Президентибиздин энеси Самара апа, күйөөсүнө “өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болгон” негизинен бүткүл убактысын балдарын тарбиялоого, үй-бүлөлүк чарбага жумшагандыгы айтылып жүрөт.

Жолду баскан арбытат

Жээнбеков Сооронбай Шарипович 1958-жылдын 16-ноябрында Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Кара-Кулжа айылында туулган. Балалыгы башка балдардай эле өзүнүн туулуп өскөн Кара-Кулжа айылында мектепте билим алуу менен бирге мал кайтарып, чөп чаап чарбалык жумуштарга жардам берүү менен өткөн. Волейболго кызыкчу. Үй-бүлө башчысы Шарип аке балдарынын билим алуусуна абдан терең маани берип, аларды китеп окууга жаштайынан кызыктырып койгон. Балким болочок президенттин кийин мугалим болуп эмгек жолун баштагандыгы да буга зор түрткү болсо керек. Анткени, Сооронбай Жээнбеков эмгек жолун 1976-жылы Ош облусунун Өзгөн районундагы Ленин атындагы орто мектепте орус тили жана адабияты мугалими болуп баштаган.

Сооронбай Жээнбеков Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтун зооинженер адистиги боюнча 1983- жылы ийгиликтүү аяктаган. Кийин, 2003-жылы Кыргыз агрардык университетинин экономика факультетин бухгалтер адистигин аяктап, экинчи жогорку билимге ээ болгон.

1983- 1988-жылдар аралыгында Ош облусунун Совет районундагы “Совет” совхозунда башкы зоотехник кызматын аркалап, ишке жоопкерчиликтүү мамиле кылган жаш адис катары тез эле эл оозуна алынган. 1988-1991 жылга чейин партиялык кызматтарды аркалаган. 1993- жылы Ош облусунун Совет районундагы Ульянов атындагы совхоздун директору болуп дайындалган.

Дал ушул кызматка дайындалгандан кийин Сооронбай Жээнбековдун жетекчилик жөндөмү даана байкалган. Ал кыска убакыт аралыгында аталган совхоздун чарбалык иштерин жолго коюп баардык көрсөткүчтөрүн жогорулатууга жетишкен. 1993-1996-жылдары – Ош облусундагы Кара-Кулжа районунун “Кашка-Жол” колхозунун башкармасы болуп дайындалып новатор жетекчи катары бул жерде да “иштин көзүн” таба билген.

Эл тараза- эл сынчы...

Кандай кызматта иштебесин Сооронбай Жээнбеков иш билги жетекчи экенин далилдеп, Шарип акенин уулунан элдин уулуна айланган. Андыктан эл ага зор үмүт артып, бир нече талапкерлердин ичинен 1995-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин I чакырылышынын Эл өкүлдөр жыйынына депутат кылып шайлап алышкан. Сооронбай Шарипович депутаттык жылдарын жөн эле текке кетирбестен, Жогорку Кеңештин агрардык саясат Комитетинин төрагасынын орун басары, кийинчерээк төрагасы катары ошол кездеги айыл чарбасынын түмөн түйшүктүү маселелерин чоң трибунада көтөрүп алардын чечилишине зор салым кошкон. Мындан тышкары жардам сурап кайрылган шайлоочуларынын суроо-талаптарын аткарууга болгон иш аракетин жумшаган.

Элден өткөн сынчы жок. Эл кимдин ким экенин жакшы билет. Андыктан 2000-2005-жылдары кайрадан Жогорку Кеңештин II чакырылыштын депутаты болуп эл тарабынан шайланып, кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын Төрагасынын орун басары кызматын аркалаган. 2005-2007-жылдары – Жогорку Кеңештин III чакырылышынын депутаты, агроөнөр жай комплекси жана экология Комитетинин төрагасы болгон.

“Бөдөнө сойсо да, касапчы сойсун” демекчи, ошол кездеги бийлик Сооронбай Жээнбековду айыл чарбасын мыкты өздөштүргөн адис катары 2007-жылдын 3-апрелинен тартып Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри кылып дайындашкан. Сооронбай Жээнбеков министр болуп дайындалган күндөн тартып жумушка “билек түрүнө” киришкен. Ал айыл чарбасын түп тамырынан бери өзгөртө турган реформаларды баштап, эл ага үмүт артып катуу колдоп турган. Калк арасына кадыры сиңип элдин сүймөнчүлүгүнө айланган министр ошол кездеги бийлик ээлерин чочуткан. Ушундан улам олуттуу себеби жок эле ар кандай шылтоо менен аны кызматтан кетиришкен.

Кыязы ошол кездеги бийлик ушундай жол менен демдүү эл уулун биротоло саясаттан сүрүп чыгарабыз деген кытмыр ойлору болгон сыяктуу.

Андыктан дээрлик эки жыл бою, бийлик Сооронбай Жээнбековго эч кандай кызмат сунуштаган эмес. Азыркы президент болсо убактысын текке кетирбей чакан чарбасын түптөп жеке ишкерлик менен алек болуп жүргөн.

2010-жылы апрелинде элдик ыңкылаптан кийин Сооронбай Жээнбековду эл колдоп, Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын жетекчиси – облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы-губернатор болуп дайындалган. Ачык айтканда Сооронбай Жээнбеков Ош облусун эң кыйын кырдаалда жетектеди. Ынкылаптан кийинки кооптуу абал, реваншистердин ар кандай арам ойлору, ош окуясы... Мунун баарында Жээнбеков эл менен чогуу болду.

2015-жылдын 11-декабрынан тартып – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директору болуп дайындалган. Белгилей кетчү жагдай бул жерде да аз гана убакыт иштесе да, маанисиз баш адашкан иш кагаздарынын санын азайтып сөздөн ишке өткөнүнүн мамлекеттик мекемелерде иштеген кызматкерлер ушул күнгө чейин айтып жүрүшөт.

Сооронбай Жээнбеков 2016-жылдын мартынан тартып – Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин биринчи орун басары, ал эми 2016-жылдын 13-апрель айынан тартып – Кыргыз Республикасынын Премьер-министри болуп эмгектенди.

Факт деген өжөр нерсе. Премьер-министр Жээнбеков экономиканын өнүктүрүүнүн оң динамикасына жетише алды. Ал өзүн ашкере пиар кылбай эле “унчукпай жүрүп, үйдөй жумуштарды” аткарса болот экенин далилдеди.

Президенттик шайлоодо дал ушул факторлор чечүүчү ролдордун бирин аткарды деп айтууга толук негиз бар. Анткени, эл Сооронбай Жээнбековдун жетекчилик баардык тепкичти басып өткөн, чарбаны да, мамлекеттик ишти да ийне жибине чейин билген, ишти илгерилете ала турган жетекчи экенине көзү жетип, үмүт артты. Натыйжада 2017-жылдын 15-октябрында өткөн шайлоодо шайлоочулардын 54,22% добушуна ээ болуп, Кыргыз Республикасынын Президенти болуп шайланды. Кызматына 2017-жылдын 24-ноябрында киришкен.

Журт Атасы болгон бир жыл

“Убакыт учкан куш “ – демекчи бир жыл ачып көзү жумганча өттү. Бул мезгил аралыгында баардык тармактар боюнча реформалар башталды. Эң ириде ажобуз ички элдик, саясий биримдикти чыңдоодон өз ишин баштады. “Жабыла айтып жакканын кыл”- дегендей, коомдун баардык күчтөрүнүн башын бириктирип алардын сын пикирлерин, ойлорун укту. Коом мурдагыдай бөлүнүп жарылбай өлкөбүздү өнүктүрүүгө чогуу кадам таштады.

Тышкы саясатты туура жүргүзүүнүн натыйжасында кошуналар менен болгон мамиле бир топ жакшырып, жаңы бийиктикке көтөрүлдү. Өзгөчө коррупция менен күрөшүүдө куру сөз эмес, реалдуу кадамдар таштала баштады.

“Региондорду өнүктүрүү жылынын” алкагында элетти көтөрүүгө олуттуу көңүл бурулду. Мурда шаардагы “элитный бизнести” колдогон өлкөнүн каржы институттары каражатты элетке бурду. Элет ишкерлери Ажонун түздөн түз колдоосунда жер жерлерде өтө ири болбосо да өзүн бага турган, аймакты көтөрүп кете ала турган добоорлорду башташты. Баардык аймактар боюнча бир нече чакан жана орто ишканалар ишке берилип, бир топ жарандарыбыз жумуш орду менен камсыз болду.

Эң негизгиси Жээнбеков элдик Президент экендигин далилдей алды. Эл менен бирге эл арасында болду. Баягы жөнөкөйлүгүнөн жазган жок. Жогоруда биз президенттин ишмердүүлүгүн үстүртөн гана айта кеттик. Толугураак маалыматты тийиштүү адамдар расмий түрдө калайык калкка жеткирээр. Биз болсо, Журт Атасын жеке майрамы менен куттуктап, эли журту менен жаңы бийиктиктерди багынтып өлкөбүздү өргө сүйрөй беришине тилектешпиз.

Булак: Де-факто

Последние новости