www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-июнда, Өнөр жай жана ишкердикти өнүктүрүү комитетинин Бишкекте өткөн биринчи жыйынында өкмөттү алтын казууга көз карандылыктын алдын алууга чакырды:
"Демек, өнөр жайынын дээрлик жарымына барабар болгон көлөмдүн ордун башка өндүрүштөр менен толуктоо маселеси турат. Өнөр жай өндүрүшүнүн азайышына байланышкан кооптуу жагдайларды азайтыш үчүн өнөр жай тармагындагы мамлекеттик саясатты өзгөртүү зарыл. Бүгүнкү күндө өнөр жайынын абалы алтынды өндүрүүгө жана экспорттоого көз каранды болуп калды. Алтын казуудагы өзгөрүүлөр, мисалы, алтынга болгон баа, өндүрүү технологиялары, саясий процесстер, табигый катаклизмдер биздин өнөр жайыбызды дароо артка тартат," -деди президент.
Эскерте кетсек, Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин алдындагы Өнөр жайын жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитет түзүү жөнүндө жарлыкка президент былтыр декабрда кол койгон. Ал эми, комитетке мамлекет башчы өзү төрагалык кылат.
Анын алгачкы жыйынында өнөр жайынын азыркы абалы, анын ичинде кайра иштетүү жана жеңил өнөр жай тармагынын көйгөйлүү маселелери жана аны өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Булак: NazarNews.kg