www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президенттик шайлоодо эт-беттинен кетип Сооронбай Жээнбековго чуркап иштеп берген Малик Нурдиновдун "аппетити"аябай чоң окшобойбу. "ИИМди же Ош областык милийсасын алам"- деп жатыптыр.
Буга чейин ал Ошто Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүндө башчы болчу. Жаңы жылдан тарта ИИМ жетекчилиги алмашат деген кеп бар.
Министр болуп Сүйүн Өмүрзаков келет деп күтүп жаткан милийсалар, Малик Нурдиновду укканда төбө чачтары тик туруп кадимкидей нааразы болушууда.
Өмүрзаков дагы ,Нурдинов дагы Сооронбай Жээнбековдун жердештери. Экөө тең шайлоодо жакшы чуркап беришти. Эми министрлик кресло кимге тиери белгисиз.
Бирок,бир чындыкты айтып коюшубуз керек, Нурдинов министр боло албайт.
Булак: "Ачык саясат"