www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

52 жаштагы Летиция Марсильи бала кезинен эле башкаларга эч окшош эмес экенин билген. Ал жомоктогу каармандардай "сууга салсаң чөкпөгөн, отко салсаң күйбөгөн" адамдардан.

Дегеним бир жери күйсө сынса ооруганын такыр сезбейт. Ошондой эле анын беш кишиден турган үй-бүлөсү дагы ооруксунуу дегенди билбейт. А мындай учурда бөлөктөргө ооруну басаңдатуучу ийне талап кылары анык.

-Биздин жашообуз элден эч айрымасы жок. Бала-чакабызда өзүн жаман сезүү деген болбойт. Ооба, ооруксунууну сезебиз бирок ал бир канча секундга гана созулат- дейт Летиция Марсильи. 

Окмуштуулар бул адаттан тышкаркы көрүнүш боюнча кептин баары нерв клеткаларында экенин божомолдошууда. Бул үй-бүлөнүн нерв клеткалары башкача иштейт. Изилдөөчүлөр мындагы гендик мутациянын себебин аныктай турган болсо, анда өнөкөт оорулардан жабыркагандарга дарылоого шарт түзүлөөрү айтылган. 

Окмуштуулар Летиция Марсильинин үй-бүлөсүнө байланыштуу генетикалык оору тууралуу иизилдөөлөрүн BRAIN аттуу илимий журналга жарыялашкан. Учурда дүйнө жүзүндө мындай генндик мутация менен Марсильинин бала-чакасы гана жабыркап келет.

Булак: "Сырдуу дүйнө"

Последние новости