www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сотто отурган Атамбаевди кайрадан тез жардам алып кетти

Бүгүн, 5-апрелде Бишкек шаарына караштуу Биринчи май райондук сотунда 2020-жылдын октябрь айындагы окуялар боюнча козголгон кылмыш иши каралып жаткан.

Бирок Алмазбек Атамбаевдин ден-соолугу начарлап кеткендигине байланыштуу сот отуруму жылдырылды. Атамбаевдин жактоочулары судьяга кайрылып, Атамбаевди сот отурумуна катыштырбоону же онлайн режимде катыштууруну өтүнүшкөн.

Судья чечимди эртең, 6-апрелде чыгарарын билдирди. Атамбаевдин тарапташтарынын айтымында, сот отурумунда Атамбаев өзүн начар сезип, медициналык тез жардам кызматы чакырылган.

Бирок тез жардам кызматы келгиче Атамбаевди №47 абакка алып кетишкен. Кечээ, 4-апрелдеги сот отурумунда да Атамбаев өзүн начар сезип, аны тез жардам кызматкерлеринин коштоосунда абакка алып кетишкен. Отурумга судья Убайдулла Сатимкулов төрагалык кылып жатат.

Бул иш боюнча Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов, Курсан Асанов, Темирлан Султанбеков, Жеңиш Молдокматов, Өмүрбек Бабанов жана Канат Сагымбаевге да айып тагылган. Өмүрбек Бабановдун материалдары өзүнчө өндүрүшкө бөлүнгөн. Бүгүнкү күндө Атамбаев менен Ниязовдон башкасы камактан бошотулган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости