www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир жылда спикер Дастан Жумабеков 2 миллион сомго мал сатып алып, 875 миң сом киреше тапкан, - деп жазып чыкты "Ачык саясат" гезити.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековдун жалпы наркы 2 185 000 сомдун башын чапчыган жылкы, бодо малдары жана кой-эчкилери бар. Бул тууралуу башкы эл өкүлү 2018-жылкы бирдиктүү салык декларациясында көрсөткөн. Бирок мынча көп жандыктарын кайсыл жерде багаарын белгилеген эмес.

Спикер бир дагы жер тилкесин, чарбалык кыймылсыз мүлктөрүн декларацияга киргизген эмес. Эң кызыгы, Дастанбек Жумабеков салык документтеринде белгилеген мал, жандыктарды бир жылдын ичинде сатып алган. Анткени 2017-жылы тапшырган отчетуна караганда мынчалык менчиги жок болчу. Жумабеков былтыр 875 784 сом киреше тапканы менен турак жайын 1,5 миллион сомдук эмерек, тиричилик техникалары менен камсыздаганы жетишкен.

Кыймылсыз мүлкү өзгөргөн эмес. Ошол эле аянты 59 чарчы метрик батирде жашап келет. Спикер эки жылдан бери жакын туугандарынын мүлктөрүн, тапкан кирешелерин көрсөтпөй жатат. Ачык маалымат булактарында жазылгандай Дастан Жумабековдун 4 агасы жана 4 эжеси бар. Өзү бир туугандарынын кенжеси. Никеси бар, үч баланын атасы.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости