www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 23-декабрда КР Улуттук тарых музейинде Баткен окуяларында Мекен үчүн курман болгон баатырларды эскерүү иш-чарасы өтүп, анын алкагында сүрөт көргөзмө уюштурулду.

Иш-чарага КР Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев жана Жогорку Кеңештин депутаттары Марлен Маматалиев, Камила Талиев, маданият, маалымат, спорт жана жаштар министри Алтынбек Максутов жана шейит кеткен жоокерлердин ата-энелери катышты.

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов шейит кеткен баатырлардын эрдиктери ар дайым эскерилип, мектеп программаларына киргизилип, документалдык тасмаларга түшүрүү керектигин айтып, учурда сериал тартуу боюнча иштер башталганын кошумчалады.

Иш-чаранын соңунда чек ара жаңжалынан кайтыш болгон жоокерлердин портреттери Улуттук тарых музейге өткөрүлүп берилди.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости