www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда 23-декабрдан баштап «Док-1 Макс» дарысын сатууга тыюу салынды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин Дары-дармек жана медициналык буюмдар департаменти билдирди.

Мындай чечимге Өзбекстанда «Док-1 Макс» дарысын ичкен балдардын арасында өлүмгө алып келген учурлар катталганы себеп болду.

Дары-дармек жана медициналык буюмдар департаментинин маалыматы боюнча, Индиянын «Marion Biotech Pvt» компаниясы чыгарган «Док-1 Макс» дарысы курч респиратордук вирустук инфекция жана сасык тумоо жуктурган бейтаптарга арналган. Дары таблетка жана сироп түрүндө чыгарылат. Ал Кыргызстанда 2018- жылы каттоого алынган. Соңку ирет өлкөгө өткөн жылы алып келинген. Бул жылы Кыргызстандын аймагына алып келинген эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости