www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кызык факт келтирели 1853-жылы 26-майда  барыбыз учурунда кастарлап азыр унутуп бараткан Энгельс Маркска минтип жазыптыр: «Көчмөн коңшуларынан эрте бөлүнгөн еврейлер өздөрүнүн дин китептерин байыркы арабдардын салттарынан өзгөртүп алган»- деп. Демек Куранды Инжил менен Тоораттан көчүрбөй, алар өзгөртүп алышыптыр. Мурдагы ыйык китептерде , улуу жазмаларда кезикпеген жаңы адабий текстти жаратуу эбегейсиз эрдикти, акыл-эсти, шык-жөндөмдү талап кылган жана да көп кыйынчылыктарга, түйшүктөргө, жан -алекеттерге, көңүл ооруга, жан илдетке дуушар кылган. Бүт дитинен толкуп, көлкүп, балкып чыгарган жорго сөз жана ыр түрүндөгү Куран -Мухаммеддин ар кандай психикалык абалында жаралган. Дүйнөнүн көр түйшүгүнөн кечип, сүйүп, кеңип, кубанып, ыйлап, буулугуп, өкүнүп, өксүп чыгарган. Кээде эси оогон, өлүп-тирилген. Ага шек санап, ишенбеген арабдар кылычын кындан чыгарып аңдып турушкан. Кокус кичине эле жаңылса жаздым болмок. Ошондуктан ар бир сүрө, ар бир аят-жан сырынын, жансезиминин, жандүйнөсүнүн ыйманы, ылхамы, перзенти, актыгы. Куран ар бир мусулманга жетимдүү, жеңил, элпек ыкмада жаралган.

Курандын баш сүрөөсү: «суурат фаатиха аль-китаб аль-карим» кыргызча которгондо  «ыйык китепти ачкан сүрө», жаммы мусулмандар Куран бетин ачканда окула турган бет ачар. Куран чирибес барикте түрмөктөлүп жети кабат асмандын жетинчисинде. Курандагы жазуу-буйруктарды аллах каалаган убакта жөнөтүп турат. Куран, арабча «аль-Куран» кыргызча «кыраат» дегенди туюндурат. Кайсы тилге которулбасын мааниси, мазмуну, көркөмү гана берилет да кырааты арабча окулат, кыраат башка тилге келбейт. Куранда жалындуу, айкын, ачык саптар, алоолонгон образдуу сүйлөмдөр, ийкемдүү, илбериңки кайрыктар, так, элпек ыргактар, лаззаттуу аллегориялар арбын. Байыркы араб урууларын адабий мурастарын эске салган эң кызык икая, баян, казалдар, араб поэзиясы менен үн алышып турган баптар, кооз саптар көп кездешет.

Куран араб жазмасынын тарыхий эстелик мурасы гана болбостон ислам өлкөлөрүндө мыйзам катары колдонулат, анткени укуктук нормалар, мыйзам кодекстери анын сүрөлөрүнөн алынган. Куранды үйрөнүү, андан сабак алуу, сабак берүү көпчүлүк ислам өлкөлөрүндө жолго коюлуп, медреселерде, жогорку окуу жайларда окутулат. Пайгамбардын сөзү бар: «Арабдарды үч себептен сүйүү керек: «Мен араб болгондуктан, Куран араб тилинде окулгандыктан жана бейиштегилер араб тилинде сүйлөгөндүктөн» деген.

Азыр дүйнө жүзүндө 1 жарым миллиардка жакын мусулман бар. Куран мусулмандарды бир жарым миң жылдан бери бир ишенимде кармап келатат. Тиги дүйнөдөгү «тирүүлүк» -мусулман үчүн бекем ишеним, ал ишенимди насыяттаган Куран, ыйык китеп катары колдонулат. Курандын күчү, мына ушунда. Кечээ эле чирибес териге капталып, алтын менен  тышталып, кеминде миң жыл турат деген «Майн камф» он жыл өмүр сүрбөдү.

Пайгамбарлар: Ибрайым, Нух, Лут, Кут, Исхак, Исрайыл, Исмайыл, Жакып, Жусуп, Муса, Аруун, Аюб, Дөөтү, Сулайман, Илияс, Иса, Ыдырыс, Зулпуй, Саалы, Шуайб, Закир, Кусейин, Аалы жана башкалар. Ар бир адамдын туулушун, өмүрүн, өлүмүн менен аллах соңку сааттын качан келээрин, ким жазаланып тозокко түшөөрүн, ким сыйланып бейишке чыгаарын так айтат. Адамдын түйүлдүк байлап жатында жаткан абалынан, жан таслим кылып табытта абалына чейин билет. Аллах бардыгын көрүп турган сырдуу күч.

 Которгон: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

Последние новости