www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандан бир нече жолу алтын буюмдарын алып чыгып жүргөн аткезчилер менен бирге "Манас" эл аралык аэропорту» ААКнын кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын алкагында, өлкөнүн чегинен чыгуучу кылмыштуу топторду аныктоо боюнча коррупциялык схемаларды жоюу туралуу иш-чаралар жүргүзүлүп, көмүскө каржы ресурстарын мыйзамсыз жүгүртүүгө жана адалдоого багытталган, алтын буюмдарын Индияга системалуу түрдө контрабандалык жол менен ташуу боюнча маалыматтар алынган.

2023-жылдын 3-сентябрында саат 08:40 чамасында “Манас” эл аралык аэропортунан, Кыргыз Республикасынын жараны К.Н. менен Кыргыз Республикасынан Индияга стерилдүү зонада учууга аракет кылган учурунда, жалпы салмагы 3 килограмм 985 граммды түзгөн 6 даана сары түстөгү катуу материал буюмдары табылган. Белгилей кетсек, аталан алтын буюмдар боюнча расмий документтер болгон эмес.

Жогорудагы фактылар боюнча КР УКМК тарабынан кылмыш иш козголуп, анын алкагында айрым жарандар КР УКМКнын тергөө камак жайын киргизилди.
Тактап айтканда, “Манас” эл аралык аэропортунун авиациялык коопсуздук кызматынын 2 кызматкери, ошондой эле жогорудагы коррупциялык схемага тиешеси бар 2 жаран кармалган.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg 
 

Последние новости