www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абад облустук милициясы ири көлөмдө мыйзамсыз кофе азыктарын даярдап, сатып жүргөн жаранды аныктады. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
2023-жылдын 8-июль күнү Жалал-Абад ОИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын (ЭММКАК) кызматкерлери тарабынан Жалал-Абад шаарынын базарында, соода түйүндөрүндө мыйзамсыз колдо жасалган кофе азыктары сатылып жаткандыгы боюнча ыкчам маалымат алынган.
Бул факты Жалал-Абад ОИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 218-беренеси (Мыйзамсыз ишкердик же банктык иш) менен катталып, кылмыш иши козголгон.
Жалал-Абад ОИИБдин ЭММКАК кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында мыйзамсыз кофе азыктарын 2 жерде даярдап жүргөн Ноокен районунун 1990-ж.т. С.Э. экендиги аныкталган.
Жалал-Абад шаардык сотунун токтомунун негизинде С.Э.нин Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарындагы үйүнө тинтүү жүргүзүлгөн. Тинтүү учурунда жасалма кофе жана башка азык-түлүк продукцияларын чыгаруучу 1 даана станок, 3 кап колдо жасалган “Маккофе” үлгүсүндөгү кофе, “Маккофе” үлгүсүндөгү кофенин 11 даана рулонго оролгон сырты, 72 коробка колдо жасалган “Фрима” аталышындагы курук сүт азыгы, 2 кап “Байжи” чайдын сырты, 3 кап колдо жасалган “Мурас” куруту жана 12 капта “Мурас” курутунун сырты табылып, алынды.
Ал эми экинчи даректеги азык-түлүк сактоочу кампасынан 132 коробка колдо жасалган “Маккофе” үлгүсүндөгү кофе, 5 коробка колдо жасалган “Фрима” аталышындагы курук сүт азыгы жана 1 даана компьютердин процессору табылып алынган.
Азыркы учурда Жалал-Абад ОИИБдин тергөө кызматы тарабынан тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Булак: NazarNews.kg