www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Куралдарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз сатуу менен алектенген милициянын майору кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 5-июлда ок атуучу куралдарды жана ок-дарыларды сатууга аракет кылып жаткан жеринен милициянын майору М.Р. кармалды. Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) жана 267-беренесинин 4-бөлүгүнүн 2-пункту (Куралды мыйзамсыз жүгүртүү) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында комплекстүү ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда кармалган кызматкер Ички иштер органында иштеген жылдардан баштап алынган тапанчаларды, мылтыктарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз сатуу менен системалуу түрдө алектенгени аныкталган.
Милициянын майорунун жашаган жеринен издөө иш-чараларынын жүрүшүндө ар кандай калибрдеги 4 мылтык, 9 даана граната, 200 даана 9мм калибрлүү ПМ патрону, 97 даана 5,45 калибрлүү АК-74 патрону, 141 даана 7,62 снайпердик мылтыктын патрондору жана 72 даана помпонун патрондору.
Кармалган кызматкер УКМКнын тергөө абагына киргизилип, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин ичинен курал-жарактарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз сатууга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Булак: NazarNews.kg