www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Курулуш иштери баштала турган Эпкин — Дыйкан жолунун боюнда 44 тарыхый-маданий эстелик табылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен кабарлады.

Долбоордогу тилкеде курулуш иштери башталганга чейин Кыргыз-Түрк "Манас" университетинен жана Кыргыз улуттук тарых музейинен археологдор тобу чакыртылган - Sputnik Кыргызстан

Аларды профессор Кубатбек Табалдиев жетектөөдө. Июнь айынын башында алар казуу иштерин баштаган. - Sputnik Кыргызстан

Курулуш иштери баштала турган Эпкин — Дыйкан жолунун боюнда 44 тарыхый-маданий эстелик табылды - Sputnik Кыргызстан

Маалыматка ылайык, түндүк-түштүк жолун куруу иштери жүрө турчу тилкеде учурда изилдөө иштери жүрүп жатат - Sputnik Кыргызстан

Маалыматка ылайык, түндүк-түштүк жолун куруу иштери жүрө турчу тилкеде учурда изилдөө иштери жүрүп жатат.

"Кочкор өрөөнүндөгү Кызарт ашуусуна жакын жерден тарыхый эстелик чыккан. Аял таш менен тегеректелген шакекченин ортосуна атайын жасалган таш үкөктүн ичине коюлуп, үстү жабылган. Ал жерден изилдөөчүлөр эки алтын сөйкө тапкан. Мындай зер буюмдар буга чейин Казакстанда табылган жана алар биздин заманга чейинки VII-IV кылымдарга таандык делүүдө", — деп жазылат билдирүүдө.

Долбоордогу тилкеде курулуш иштери башталганга чейин Кыргыз-Түрк "Манас" университетинен жана Кыргыз улуттук тарых музейинен археологдор тобу чакыртылган. Аларды профессор Кубатбек Табалдиев жетектөөдө. Июнь айынын башында алар казуу иштерин баштаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости