www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте алдамчылыкка шектелип кытай жараны кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБдин маалымат кызматынан билдиришти.
Жабырлануучу былтыр сентябрь айында милиция кызматкерлерине арыз менен кайрылган. Ал чогуу бизнес жүргүзүп, кийин капиталдын 30 пайызын бөлүп берүүнү убадалап 31 миң 400 долларын алып кеткен Я.Ш. аттуу Кытай жаранына карата чара көрүүнү өтүнгөн.
Бул факты 209-берене (алдамчылык) менен Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери башталган.
Көрүлгөн аракеттердин натыйжасында 22-июнда шектүү делинген Я.Ш. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тиешелүү тергөө амалдары улантылып, шектүүнүн ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар, жогун аныктоо иштери жүргүзүлүүдө.
Эгерде сүрөттөгү жарандан зыян тарктандар болсо кабар берип коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт. Байланыш номерлери: 0(312) 352-947, 0 (312) 654-494, 0(555) 102-149, 0(502) 149-149, 0 (708) 007-500 же 102.
Булак: NazarNews.kg