www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 20-январында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Мамлекеттик протокол департаменти Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун кызматкерлери үчүн расмий иш-чараларды даярдоо жана өткөрүүгө байланыштуу протоколдук жана уюштуруу маселелери боюнча окутуу иш-чарасын өткөрдү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Окутуу "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө" КР Мыйзамынын талаптарына ылайык жүргүзүлүп, протоколдук камсыздоо жаатындагы мамлекеттик кызматкерлердин кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатууга багытталган.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар мамлекеттик протоколдун негизги аспектилери боюнча кеңири түшүндүрмө алышты, анын ичинде:

• чет элдик делегациялардын Кыргыз Республикасына болгон сапарларын протоколдук камсыздоо;

• Кыргыз Республикасынын мамлекеттик протоколунун улуттук өзгөчөлүктөрү;

• негизги протоколдук иш-чараларды уюштуруу жана аларды протоколдук жактан камсыздоо;

• дипломатиялык этикеттин татаалдыктары;

• протоколдук практикада өз ара түшүнүшүүнүн эл аралык принциптерин колдонуу.

Окутуунун алкагында Мамлекеттик протокол департаментинин кызматкерлери практикалык мисалдар менен тематикалык презентацияны сунушташып, катышуучулардын суроолоруна жооп берди.

Последние новости