www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Массачусетс технологиялык институтунун окумуштуулар тобу адам аба менен дем алганда вирусту жок кылган коргоочу бет каптын концепциясын жаратышты. Бул тууралуу The Daily Mail жазып чыкты.
Басылманын маалыматы боюнча, маска жездин тору болуп саналган темир чыпкадан турат. Атайын батарея темирди 90 градуска чейин ысытып- бул температура COVID-19дун бөлүкчөлөрүн жок кылышы мүмкүн. Ошондой эле адамдын терисин коргоо үчүн жез тору изоляциялоочу неопрен менен капталып, ал терини күйүктөн коргоого мүмкүнчүлүк берет.
Battery-powered #facemask with a copper mesh heated to 194°F that KILLS coronavirus in the air is designed by #MIT scientists,it would be covered in insulating neoprene to allow it to be worn safely
— Hans Solo (@thandojo) October 24, 2020
It will likely be more expensive than cloth and surgical masks,or N95 respirators pic.twitter.com/lEdnVXjo9G
Изилдөөчүлөр батарейка менен иштеген шайман стандарттык коргоочу каражаттарга караганда кымбат болорун белгилешти. Ошентсе да, бул COVID-19 менен ооруган адамдар менен туруктуу байланышта болгон саламаттыкты сактоо кызматкерлери үчүн идеалдуу чечим болуп саналат.
«Биздин вирустан коргоочу беткаптын жаңы концепциясы вирусту өткөргөнү менен, ал анын иштешин жайлатып, натыйжасында жигерсиз кылат»-, деди химик-инженер Майкл Страно
Белгилей кетсек, мындай масканы колдонуудан кийин аны жок кылуунун же стерилизациялоонун кажети жок.
Учурда ойлоп табуучулар патентке өтүнүч берип, физикалык тестирлөөнүн прототиптерин иштеп чыгууга киришти.
Булак: NazarNews.kg