www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) аудиовизуалдык чыгармаларга   автордук укукту коргоо маселелери боюнча факультативдик окутуулар өткөрүлдү. Окутуулардын угуучулары “Манас” Кыргыз-Түрк университетинин “Коммуникация” факультетинин 3-4-курстарынын 60 студенти болуп саналат. Бул тууралуу маалыматты Кыргызпатенттин басма сөз катчысы билдирди.

“Манас” Кыргыз-Түрк университети факультативдик окутууларды уктурууну демилгелеп, интеллектуалдык менчик объектилеринин укуктук коргоо маселелери боюнча окутууларды өткөрүү өтүнүчү менен Кыргызпатентке кайрылган.

Факультативдик окутууларды өткөрүүнүн максаты интеллектуалдык менчик объектилерин жана автордук укук объектилери катары аудиовизуалдык чыгармаларды коргоо ыкмалары, ушул жааттагы колдонуудагы мыйзамдуулук базасы, интеллектуалдык менчик тутуму жөнүндө жалпы түшүнүктөрдү жеткирүү болуп саналат.

Окутуулардын жүрүшүндө адабий чыгармалардын корголушу, автордук укукка мураска ээ болуу укугу, чыгармалардын мыйзамсыз колдонулушунан мүлктүк автордук укуктарды коргоо ыкмалары, Кыргызпатентке товардык белгилерди каттоого жана өтүнмө берүү эрежелери жөнүндө угуучулардын суроолоруна Кыргызпатенттин кызматкерлери жооп беришти.  Айта кетчүү нерсе, Кыргыз Республикасында мүлктүк укуктарга убакыт менен байланышкан чектөөлөр бар, алардын мөөнөтү чыгарманын авторунун көзү өткөндөн кийин 50 жыл түзөт, андан кийин чыгарма  жалпы элдик деп саналат.

Ушул сыяктуу иш-чараларды уюштурууда Кыргызпатент менен мындан ары тыгыз кызматташууну улантууга “Манас” КТУнун окутуучулары кызыкдар экендигин билдирди, анын ичинде интеллектуалдык менчик маселелеринде квалификацияны жогорулатуу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости