www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Так ушул таптарда Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында, жазуучу жана драматург, Султан Раевдин калемине таандык “Илегилек” драмасы коюлуп жатат. Ага суйкагайган сулуу, Асан мырзанын эркеси, башкы каарман Кыргыз Республикасына Эмгек сиңирип “таштаган” Самара Каримова аталган драмада башкы каармандын ролунда.

“Илегилек” драмасындагы башкы каарманды учурда Самара Каримова аткарып жатат. Драмада үч тил аралашат экен. Алсак, орус, англис, кыргыз тилдери. Алсак, “Мен сени сүйөм”, “Я тебя люблю”, “I Love you” деген сөздөр бар. Аткаруучулук чеберчилигин, чаңырганынын, кыйкырганын, назиктигин Самара айым жана актёрлор жакшы эле көргөзө алды. Драма мыктылыгын көрсөтүп, туу чокуга жетти дегенден алыспыз, албетте. Мактоого эрте.

Бир оркойгон катачылык, бир убакта эле сахнадан сахнаны ача бербеген арзан көйнөктөрдү кийген кыздары менен кошо Самара айым желбиреп бийлеп чыга келди. Колдорунда кагаздан жасалган илегилекпи же балдар кагаздан жасап ойногон самолёттун эскизиби, айтор бийлеп бүтөөрдүн алдында, Самара айым баш болуп, колундагы кагаздан жасалган “илегилегин”, элге карата ыргытып жиберип чыгып кетишти.

Таң калычтуусу, залда улуу-кичүү олтурат. Алар элге карай ыргыткан, кагаздан жасалган “Илегилекпи” же алтындан жасалган буюмбу ыргытканы туура эмес го. Ал кагаз бирөөнүн бетине же көзүнө тийиши мүмкүн. Айтор, ушул жерде оркойгон катачылык даана байкалып турат...

Эмнеси болсо дагы, "кыргыз элине ушундай "каттуу" Эмгек сиңирип таштаган" КР Эмгек сиңирген артисти Самара Каримовага чыгармачылык ийгилик каалайбыз. 

Эми далилдерге токтололу...

Анан эле “Илегилек” драмасы "укмуш эле укмуш" деген эрте. Катардагы эле драма. Бизде Кыргызстанда кыйын актер жана актрисалар толтура. Так ушулар 200 сомдон эле Кыргыздрамда арзыбаган тыйынга, ачка калса дагы иштеп, укмуш драма, спектакль коюп жүрүшөт.

Баса, буга чейин “Илегилек”драмасы, Ош улуттук драма театрында билеттин баасы 750 сомду чапчып, эл арасында жана социалдык тармактарда кызуу талкууга алынган эле. Негизи мыйзам боюнча билеттин баасы кандай гана спектакль коюлбасын 200 сомдон 500 сомго чейин турат. Спектаклга болгон баалар Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги жөнгө салат. Бул тууралуу тийиштүү министрликтер текшерип жатканын жар салган эле. Тилекке каршы ачык билдирүү тарата элек. 

Эске сала кетсек, аталган  "Илегилек" драмасын буга чейин Кыргыз Республикасынын Эл артисти Жамал Сейдакматова аткарган жана аталган драма бир нече эл аралык сыйлыктардын ээси болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости