www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Февраль айында  “Северэлектро” бөлүштүрүү тармактарына 722,6 млн. кВт.саат электр энергиясы келип түштү, бул 2017- жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 51,6 млн. кВт.саатка көбүрөөк. “Северэлектро” бөлүштүрүүчү компаниянын өткөн айга болгон товардык продукциясы 1,05 млрд. сомду түзүп, анын 1,06 млрд. сому (101,1 %) чогултулган. Бул тууралуу “Северэлектро” ААК басма сөз кызматы билдирди.

Февраль айында көргөзүлгөн сумманын эсебинен төлөм чогултуу;

калк арасында – 106,3 % 

өндүрүштүк объектилерден- 94,9 %

бюджеттик уюмдардан – 103,5 % 

айыл чарба объектилеринен – 83,6 %

жана башка керектөөчүлөрдөн –91,7 %  аткарылды.

Бөлүштүрүү компания тейлеген  аймактардан төлөм чогултуу төмөндөгүдөй:

борбор калаабызда төлөм чогултуу 90,4 %

Чүй облусунда – 112,5  %

Талас облусунда – 113,3 %  көрсөткүчтү түздү.

 Булак: NazarNews.kg

Последние новости