www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жылкыларды жана бодо малдарды ок атуучу курал менен атып, союп, башын жана эттерин сатып жүрүшкөн кылмыштуу топ кармалды.

Бул тууралуу NazarNews маалымат агенттигине Ош ИИБинин басма сөз кызматынан Жеңиш Аширбаев билдирди.

2019-2020-жылдары Ноокат районунун Кара-Таш, Көк-Бел, Көтөрмө айылдарынын тургундарынан жылкы жана мал уурулук боюнча бир нече арыздар келип түшкөн.

Арыздардын негизинде 2019-жылы Ноокат РИИБнин КЖБРне КРнын КЖКнин 200-беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

 Кармалгандар тарабынан Ноокат районунун аймагынан 30 баш жылкы 56 баш бодо мал уурдалгандыгы такталды.

Бул кылмыш иши боюнча  Ош ИИБинин криминалдык милициясынын 4 ай жүргүзгөн ыкчам иш-аракеттеринин натыйжасында 4 киши кармалган.

Кылмышка шектүүлөр Ноокат РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Баш коргоо чарасы 2020-жылдын 14-январында каралып, 30 жаштагы А. уулу Б., менен 31 жаштагы  С. уулу Б.лар 2 айга, 42 жаштагы Б.И. менен 22 жаштагы М. уулу А.лар 1 айга камакка алынды.

 

 

Кармалгандардан бардык тиешелүү далил буюмдар жана автоунаалар табылган. Мындан сырткары Өзгөн шаарынын тургуну 42 жаштагы Б. И.нин үйүнөн ислам динине карама-каршы келген мыйзамсыз китептер жана эттерди кимдерге тараткандыгы жөнүндө жазылган дептер табылды.

 

    

Учурда уурдалган 30 баш жылкынын ичинен 5 баш жылкынын ээлери табылды, калган 25 баш жылкынын 23 баш  ири мүйүздүү малдардын ээлерин аныктоо максатында иш-чаралар улантылууда.

Ошондой эле Ош ИИБи тургундарга мал жоготуп, өз алдынча издеп убакыт өткөрүү- кылмыштын изи сууй электе бетинин ачылуусун кечеңдетерин, ошондуктан жоголгон малдар туурасында кечиктирбестен укук коргоо органдарына кайрылуусун суранат: (03222) 6-65-22 (Ош ОИИБдин ишеним телефону), 0772371500 (Ноокат РИИБдин милициянын криминалдык бөлүмү). [email protected]

 

Булак:NazarNews.kg

Последние новости