www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2019-жылдын 22-мартында  Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук кеңешинин отуруму өтүп, ага Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору  Курсан Асанов, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички иликтөө кызматынын башчысынын орун басары, милициянын полковниги Конокбай Өскөнбаев, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Кадрлар башкы башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги  Эмир Солтонгельдиев жана Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук кеңешинин мүчөлөрү катышышты.

Иш-чарада коррупцияга каршы аракеттенүүгө, 2018-жылга карата ИИМдин коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча планынын ишке ашуусуна, андан сырткары Кыргыз Республикасынын ИИМдин кадрларды тандоо жана аларды жайгаштыруу боюнча тиешелүү маселелер талкууга коюлду.

Кеңештин мүчөлөрү менен учурашкан соң, министрдин орун басары Курсан Асанов иштерине ийгиликтерди каалоо менен бирге тыгыз кызматташууга даяр экендигин, андан сырткары катышуучуларга жарандык коомдун өнүгүшүнө, ички иштер органдарынын кесибинин беделин көтөрүүгө жана жарандык көз карашты калыптандырууга  кошкон салымдары үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Андан соң, министрдин кеңешчиси, милициянын полковниги Нурбек Жангабылов коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча баяндамасын окуду. Коррупцияга каршы чараларды колдонуунун натыйжалуулугу саясий, укуктук, башкаруучулук, экономикалык жана маалыматтык мүнөздөгү бир катар факторлордон көз каранды. Бүгүнкү күнү, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин алдында  ИИОнун өздүк курамынын арасындагы коррупциялык көрүнүштөргө байланышкан кылмыштардын бетин ачуу сыяктуу маанилүү тапшырмалар турат. 2018-жылдын жыйынтыгы менен ээлеген кызматынан 263 кызматкер бошотулса,  155 кызматкер ички иштер органдарынан айдалган. ИИМдин өздүк курамы тарабынан көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын жогорулатуу жана деңгээлин жакшыртуу боюнча иштер ар дайым жүргүзүлүүдө.

Мындан соң, Кыргыз Республикасынын ИИМдин кадрлардытандоо боюнча маселелер каралды. Милициянын полковниги Эмир Солтонгельдиев  өзүнүн баяндамасында  Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 10-январындагы №2 сандуу  “2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы катары жарыялоо” Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында, Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, милициянын генерал-майору К.А.  Джунушалиевдин демилгеси менен ИИМдин, ИИББ-ИИБдин аппараттарында жана түзүмдөрүндө оптимизациялоо жүргүзүлгөн. Оптимизациялоонун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын ИИМдин бөлүмдөрүнүн суранычынын негизинде 625 бирдик кыскартылып, аймактык бөлүмдөргө, милициянын шаардык, айылдык бөлүм-бөлүмчөлөргө өткөрүлүп берилген.

ИИОнун ишмердүүлүгүн талдоонун жана штаттык жайгаштыруунун жыйынтыгы менен аймактык бөлүмдөрдүн коомдук тартипти  камсыздоо боюнча кызматтарынын жана  нөөмөт бөлүктөрүнүн ишинин оорлугу  менен штаттык бирдиктердин жетишсиздигин эске алып кошумча бирдиктер берилген:

- Милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлү 100 бирдик;

-Жаш өспүрүмдөрдүн  иштери боюнча тескөөчүлөрү 25 бирдик;

-Нөөмөт бөлүктөрүн бекемдөө үчүн, Ысык-Көл, Нарын, Талас ОИИБдин, райондук ИИБдин нөөмөт бөлүктөрүнө 45 бирдик берилген.

2019-жылдын 1-январынан баштап Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндөгү кодексинин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин, “Мунапыстын негиздери жана аны колдонуунун тартиби тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын күчүнө киришине байланыштуу, республиканын ИИОнун Тергөө кызматтарында 255 штаттык бирдиги менен  менен анча оор эмес кылмыштарды иликтөө боюнча бөлүм түзүлгөн. Ал бөлүм 2019-жылдан 1-январынан тартып жаңы ченемдик-укуктук актыларга ылайык Жоруктар жөнүндө иштер боюнча бөлүм катары түзүлгөн. Ал эми Бишкек ШИИББдин Милициянын кайгуул-күзөт кызматында 62 штаттык бирдиги бар 2 туристтик взвод түзүлгөн.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин “Бирдиктүү терезе” режиминде иштеген мамлекеттик кызматтарды көрсөткөн борбор ачылып, агаКыргыз Республикасынын ИИМден кошумча 12 техникалык жана жарандарды тейлей турган кызматкерлер берилген.

Негизинен алганда, Коомдук кеңешме ачык пикир алмашуу принциби боюнча өттү. Коомдук кеңештин бардык мүчөлөрү кызыккан суроолорун беришип, тиешелүү жоопторду алышты.

Отурумдун аягында Коомдук кеңештин төрагасы Ялкун Даутов бүгүнкү отурумга катышкан мүчөлөргө Кеңештин ишинин маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ялкун Даутовдун пикири боюнча, Коомдук кеңештеги иши  Кеңештин курамына кирген ар бир мүчөнүн кадамында так жана максаттуу болуш керек.  Кимдин  коомдук уюмдар менен иштешүүгө убактысы болбосо,  жеке өзү тиешелүү иштерди, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, өздөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн  жана  коомдук кызыкчылыктар үчүн жеке убактысын бөлүүгө  даярдыгын баалоого жардам берет

ИИМдин Басма сөз кызматы

Булак: NazarNews.kg

Последние новости