www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жетекчилигинин жарандар менен жакын мамиледе болуу,  калктын көйгөйлөрүн жакындан билүү менен ага ыкчам аракеттерди көрүү, жер-жерлерде профилактикалык иш-чараларды жүргүзүүнү күчөтүү боюнча талаптарын аткаруу максатында ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери аймактык ички иштер органдарынын кызматкерлерине семинарларды, тренингдерди тынымсыз өткөрүшүүдө. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Жогорудагылардын негизинде, аялдарга карата зомбулукка каршы 16 күндүк компаниянын алкагында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги “Демократиялык процесстерди изилдөө борбору” коомдук фонду менен биргеликте жашы жете электер менен иштөө боюнча инспекциясынын кызматкерлерине балдарга карата зомбулукту алдын алуу боюнча тренингди өткөрүүдө.

Жашы жете электерге карата сексуалдык зомбулуктун алдын алуу боюнча тренингге   Бишкек шаарынан  ИИОнун жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын 100 инспектору  катышты.

Бул масштабдуу иш-чара 25-ноябрь-аялдарга карата зомбулукту жоюу үчүн күрөшүүнүн эл аралык күнү болуп саналгандыктан бул күндөн баштап  “Зомбулуксуз жашоо” кеңири иш-чарасы уюштурулуп, ал 10-декабрь- Адамдардын укугун коргоо күнүндө жыйынтыкталмакчы.

Окутуунун программасынын ичине сексуалдык зомбулуктун көйгөйлөрү түшүнүгүн тереңдетип изилдөө, балдарга карата жасалган сексуалдык кыянатчылыктын түрлөрү, андан сырткары, сексуалдык зомбулукка байланышкан стреотиптер менен ой-ажырымдарды изилдөө кирди.

Иш-чара учурунда сексуалдык зомбулукту алдын алуунун натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн милиционерлер жардам көрсөтүү учурунда аракеттердин алгоритмин билүү, жабыр тарткан балдар менен менен баарлашууда гендердик-сезимталдык ыкмаларды колдонуу белгилерин билиши керектиги баса белгиленди.

Тренингдерди Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын жашы жете электер менен иштөө бөлүмүнүн начальниги, милициянын полковниги Нуржан Адылова менен “Демократиялык процесстерди изилдөө борбору” коомдук фондунун өкүлдөрү өткөрүүдө.

Гендердин түрлөрү жана формалары, үй-бүлөөлүк зомбулук, эрте турмуш курууну  алдын алуу жана болтурбоо, ала качуу, жогорудагы процесстерди жөнгө салган мыйзамдардын нормалары, мыйзамдарды бузгандарга карата каралган кылмыш жоопкерчилиги жөнүндө кенен маалымат беришти.

Иш-чарага катышкан жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын инспекторлорунун арасында коронавирус илдетинин жайылышын болтурбоо үчүн тренинг учурунда бардык жеке коргоонуучу каражаттар менен камсыздалып турду. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости