www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев кечээ, 24-майда эстрада ырчылары, композиторлор, аранжировщиктер жана белгилүү продюсерлер менен жолукту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугууга тармактын Эл артисттери, Эмгек сиңирген артисттер жана жаңы өсүп келе жаткан жаш муундун өкүлдөрү катышкан.

Жыйындын алкагында эл аралык жана республикалык эстрада жанры боюнча фестивалдарды жандандыруу, окуу жайлардагы эстрада бөлүмдөрүнүн окутуу программалары, дегеле бул багыттагы приоритеттүү жагдайлар талкууланды.

Кайрат Иманалиев жолугушуу учурунда эстрада тармагынын өкүлдөрүнө буга чейин тиешелүү көңүл бурулбай келгендиги, мамлекеттик сыйлык маселелери, эстрада вокалисттеринин Кыргыз өлкөсүн эл аралык деңгээлде таанытуусу, автордук укуктар жаатында ой бөлүшүп, Маданият министрлиги менен тыгыз байланышта иш алып баруу демилгесин көтөрдү.

Жолугушууга келген эстрада ишмерлери министр Кайрат Иманалиевдин бул тармак өкүлдөрү менен жолугушуу уюштуруп жаткандыгына ыраазычылык айтып, министрлик тарабынан жасалып жаткан иш-аракеттерге колдоо көрсөтө тургандыгын билдиришти. Өз кезегинде Кайрат Иманалиев ар бир өкүлдүн суроолоруна жооп берип, мындан ары бул тармак менен тыгыз иш алып баруу үчүн атайын адис бөлүнгөндүгүн маалымдады.

Ошондой эле иштин кызыкчылыгы жана конкреттүү кадамдарды жасоо үчүн жаңыдан түзүлүп жаткан эстрада ишмерлеринин коомдук уюму менен укуктук талаада иш алып баруу маселеси айтылып, тиешелүү чечимдер коллективдүү болуусун кошумчалады.

Мындан сырткары, министр эстрада тармагында жасала турган иштер арбын экендигин баса белгилеп, жакынкы күндөрү өлкөбүздө эстрада театрын ачуу менен анын ишмердүүлүгүнүн алгачкы кадамдары аныкталды.

Аны менен бирге аймактардагы таланттуу жаштарды алып чыгуу жана гастролдорду уюштуруу сындуу иштери жолугушуу учурунда колдоо таап, алгачкы кадамдар башталды.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости