www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусияда каза болгон кыргызстандыктын өлүмү иликтенет

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында иштеп жүргөн 31 жаштагы Д.Э. аттуу кыргызстандык жаран 22-майда бийиктиктен кулап кетип, каза болгон. Учурда өлүмдүн жагдайлары иликтенип жатат. Анын сөөгү мекенине жеткирилет. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдирди.

«Сөөктү алып кетүүгө уруксат берилип, 25-майда Санкт-Петербург – Ош аба каттамы менен Кыргызстанга жөнөтүлөт. Ага кеткен чыгымдарды жабуу үчүн кенемте алууга маркумдун жакындарына кеп-кеңештер берилди», -деп айтылат билдирүүдө.

Чет өлкөдө иштеген кыргызстандыктардын арасында каза болгондордун саны жыл сайын 300гө чамалайт.

Бейрасмий маалымат боюнча, азыр бир миллиондой кыргызстандык чет мамлекеттерде эмгек миграциясында жүрөт, алардын көбү Орусияда. 2018-жылдан бери өкмөт сырттан «Жүк-200дү» алып келүүгө 50 миң сом бөлүп берүүдө.

Орусияда каза болгон мигранттын сөөгүн мекенине алып келүү үчүн 100 миң сом, Европа өлкөлөрүнөн 300 миң сом (болжол менен 3000 евро) талап кылынат. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости