www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамиледе сүйүүгө туруктуу жылдыз төлгө - чаян, ал эми туруксузу - букачар деп так айтуудан алыспыз. Мамиледе туруктуулук темасын иликтөөдө бул адамдын мүнөзүнө жараша индивидуалдуулук жана көптөгөн фактордон көз каранды (даталар менен төрөлгөн убактысы, аталган жылдыз төлгөсүнүн ээси учурда ким менен карым-катнашта, анын жынысы жана жашы). Анткени, жада калса эң кыйын алдамчы жана ойноок адам эртели-кеч сүйгөн адамына чын дили менен берилген, мамилесине туруктуу адамга айланышы мүмкүн.
Мырзалардан баштайлы.
Таразалар сулуулуктун чыныгы күйөрмандары жана билермандары. Таразалардын көптөгөн сулуу курбу кыздары болушу мүмкүн, бирок, мындан коркуунун эч кажети жок. Таразалар табиятынан сүйүүгө туруктуу адамдар, жана кыска мөөнөттүү бир жыргал үчүн сүйүүсүн тобокелге салбайт.
Чаян мырзалар – жүрөгү жалындаган, мүнөзү ачык-айрым, импульсивдүү жана адамдардын көңүл чордонунда болгонду жактырган адамдар. Сарсанаа болуунун кажети жок. Чаян - эркектерине мамиледе баардык нерсе жакса, сүйгөн адамынын көзүнө чөп салуу ыктымалы абдан аз. А бирок, төшөк жыргалынын жетишсиздиги же болбосо адамдан өч алуу темалары болсо, анда чаян мырзаларынын мүнөзү таптакыр башка нукка бурулат.
Жаачы мырзалар бат азгырылчу эркектер. Сулуу жана кызыктуу айым мындай мырзанын көңүлүн бат эле буруп алат. Жаачы үчүн “бир түндүк секс” сезимдер тарабынан эч баалуулугу жок, күнүмдүк жашоосунда бат-баттан кездешүүчү жагдай.
Текечерлер табиятынан сүйүүгө абдан туруктуу мырзалар. Алар качан гана болбосун жумуш тууралуу же болбосо каражат тарабынан акыбалын дагы да кантип жакшыртуу амалын ойлонуп жүргөн адамдар. Текечерлер жада калса сүйгөн айымынын кучагында жатканда ар түрдүү ойлорго чөмүлүп турушат. Мындай абалда сүйүктүүсүнүн көзүнө чөп салуу деген ой кайдан келмек эле?
Суу куяр мырзалар баарлашууну жактырган жана ошондой эле ар нерсени билүүгө кызыкдар жандар. Мунун айынан жаңы таанышуулары көптөгөн азгырыктарга алып келет. Бирок аларды ойнош күтүү эмес, адам менен баарлашуу дагы көбүрөөк кызыктырат. Ошол эле учурда таанышкан айым экөөнүн ою бир жерден чыгып, баарлашуу менен кошо стресстен арылуу мүмкүнчүлүгү чыкса, алар эч ойлонбостон бул мүмкүнчүлүктү колдонуп кетишет.
Балыктар айымды чын дилинен сүйүп турган учурунда да көзүнө чөп салып коюуусу күтүлгөн эле нерсе. Балык - мырзалар каалаган ар бир айым - “балыкчы” тарапка сүзүп кете беришет. Бирок, ошол эле учурда балыктар эч качан үй-бүлөдөн чыгып кетишпейт.
Койлор дагы бир топ эле өзгөрүүлөргө бат-баттан дуушар болгон адамдар. Терең декольте, кыска көйнөк жана кесилиши өтө эле өйдөгө чыккан юбкалар, аталган жылдыз төлгөсүндөгү мырзаларды төшөгүңүзгө тартып алууга гаранттуу жолу экенин билип алсаңыз болот. Бул мырзалар абдан кызыл кандуу адамдар, жана жада калса сүйүктүүсүнө болгон күчтүү сезимдери да башка тараптан ойнош күтүүгө тоскоол болбойт.
Букачарлар маңдайынан өткөн сулуу кыздарга көз салып коет албетте. Бирок, сүйгөн айымын сыздатып, кыска мөөнөттүү мамилелерге кызыккан адамдардан эмес.
Эгиздер абдан активдүү жана баарлашууга дайым ачык адамдар, мындай мүнөзү көбүнесе бир түндүк мамилелерге көп жол ачат. Бирок, ошол эле учурда эгиздер үчүн секс эч качан биринчи орунда болгон эмес. Андыктан, эгер Эгиздер ойнош таап кетсе, демек, ал айымдан чарчап кетти же болбосо мамилелердеги бир түрдүүлүк тажатып жиберген.
Бөйөндөр үчүн сүйгөн айымы менен араларында болгон руханий тынчтык жана жакындык кымбат. Андыктан, алар өтө чанда башка бир айымга кызыгып кетишет. Бөйөндөр мактоо менен комплименттерди абдан сүйүшөт. Эгерде булар ойнош таап кетсе, демек себеби: айымдан көңүлү калган да, башка бир жаңы сүйүктүү издеп жүргөн чагы.
Арстан мырзалар кооз жана кымбат нерселерди сүйгөн нарцисс адамдар, анан албетте астандар сулуу жана татынакай айымдарды жактырышат. Арстан ар дайым ар нерсенин “мыктысын” тандагандыктан, албетте айымдардын арасынан мыкты болгон “арстандын ургаачысын” тандайт. А дүйнөдөгү мыкты айымды тандагандан кийин асмандан башка чымчыктарды издөөнүн кажети калбайт.
Бийкечтер зодиактардын арасынан эң туруктуу жана сүйүүгө берилген зодиактардын бири. Бийкеч мырзалар эч качан биринчи жолугушууда сырткы келбетке, суктандырган сулуулукка алданбайт. Бийкечтер ойнош таап кетсе, демек анын себеби болгон. Үзгүлтүксүз кызыктуу төшөк кумары, сүйүү жана үйдө тынчтык камсыз кылсаңыз, бийкечтер жаныңыздан чыккыс эркек болот.
Ал эми айымдардын жылдыз төлгөсүнө жараша сүйүүгө туруктуулугун жана сүйүктүүсүн алдап кетүүгө болгон жөндөмүн карап чыгалы.
Тараза айымдар - бул абдан келбеттүү, өзүндө жумшактык менен назиктикти камтыган аял. Таразалар Венера планетасынын колдоосунда болушат. Мындай айымдар ар дайым кылыктанган мүнөзү жана назиктиги менен мырзаларды өзүнө тартып келет. Бул айымдарды ар дайым көптөгөн мырзалар курчап жүрүшөт. Жашоосунда көп жолу турмуш курушу мүмкүн, бирок ойнош таап кетүү таразалар үчүн жат көрүнүш.
Чаян айымдар - сезимтал, эмоционалдуу, сырдуу жана көңүл буруучу касиеттерине ээ айымдар. Мындай айымдар өзгөчө шыктарга жана интуицияга ээ. Чаян өзү тандаган мырзанын чындыгында ким экенин инстинктивдүү түрдө билишет. Эл арасында калыптанган импульсивдүү темпераментине карама-каршы, сүйүүгө кабылган чаяндар - сүйүктүүсүно берилген, сезимтал жана камкор айым. Өнөктөшүн бир жолу тандагандан кийин, аны менен кошо кол кармаша жашоонун ар бир катаал көйгөйүнө каршы турууга даяр.
Жаачы айымдар эркектерге арналган көңүл ачууларды, дасторкон үстүндөгү шаан-шөкөттү, бийди жана спортту сүйгөн аял. Жаачы үчүн анын эркиндиги башкы приоритетте турган нерсе. Эркекти ал өзү тандайт, жана ал мырзага болгон сезимдерине жана мамилелерине болгон берилгендигине жараша сүйүүгө туруктуу же туруксуз болот.
Текечер айымдар идеалдуу мырзаны узун убакыт бою издеп жүрө беришет. Каалаган нерсесине жетүү үчүн эркекке таасир этүүчү табияттан алган тубаса таланты бар. Үй-бүлөдө туруктуу, эмгекчил жана камкор кожойке.
Суу куяр айымдар - сырдуу айымдар. Кээде жасаган жүрүм-турумдарын өздөрү деле түшүнбөй кетет. Булар тандаган мырзалар көбүнчө өзгөчө бир мүнөзгө ээ адамдар болот. Ачык көңүл, көз карандысыз, акылдуу айым. Мыдай мүнөзү эркектер тарабынан чоң кызыгуу жаратат. Суу куяр айымдар идеалисттер, көп жолу үй-бүлө куруусу ыктымал, бирок, сүйүктүүсүнө берилген мүнөзү менен айырмаланып турушат.
Балыктар сырткы келбетине карабастан эркектердин көңүлүн буруп турган бир касиети бар айымдар. Сулуулугу менен багындыра албаса, ички дүйнөсү менен баш ийдирген аял. Акылына караганда, жүрөгүнө ишенген айымдар. Зодиактардын арасынан эң сезимтал болгону үчүн фантазияга көп алдырып, өз башында куруп алган идеалдуу дүйнөгө чөгүп кетмей жайы бар. Үй-бүлөдө балыктардан анчейин жакшы жубай чыга бербейт.
Кой жылдызындагы айымдар жөнөкөй гана кызыгуунун айынан же болбосо жашоосуна ар кыл кызыктуу окуяларды топтоо үчүн гана романтикалык мамилелерди баштап алуудан кайра тартпайт. Жада калса нике дагы аларды ойнош күтүп кетүүдөн кармабайт. Бул айымдар эч уялбастан мырзага болгон кызыгуусун жана сезимдерип биринчи болуп билдирип коюшат.
Букачарлар абдан сулуу айымдар, бирок өтө консервативдүү адамдар. Абдан кызганчаак, эркегине өзүнүн мүлкүнөн бешпетер мамиле кылат. Алдамчылыкты эч качан кечирбейт. Анткени, никени идеалдаштырып алган, жана андагы эрежелер боюнча жашоону туура көрөт. Буга жараша букачарлар өздөрү да башка тараптан ойнош күтүп кетүү жөндөмү жок.
Эгиздер аялдын жүрөгүнө жана эркектин акыл-эсине ээ болгон айымдар. Алар эркектер менен абдан жеңил тил табышат. Үй-бүлөдө булар жөн эле туруктуу эмес, баа жеткис кожойке жана төшөктө табылбас таланттуу айымдар.
Бөйөндөр үй-бүлө үчүн төрөлгөн айымдар, жана үй-бүлө тууралуу баарын билишет. Эркекти абдан чоң дыкаттык менен тандайт. Бөйөн айымдар жолдошуна берилген жубай жана камкор эне.
Арстан жылдызындагы айымдар - бардар жашоону жана акчаны сүйгөн адам жана ар дайым бийик беделге умтулган адам. Ал секс, үй-бүлө жана сүйүүнүн ортосундагы айырманы так билет. Мырза менен партнердук формадагы келишим түзүп алып жашоону жактырган бул айымдар үй-бүлөгө өзгөчө берилгендик мүнөзгө ээ.
Бийкечтер абдан сабырдуу, эмгекчил, эң мыкты кожойке жана жакшы жубай. Үй-бүлө үчүн жанын курмандыкка чалууга даяр айым. Бийкечтерди үй-бүлөдөгү айымдын идеалдуу үлгү катары көрсөтсөк болот.
Булак: NazarNews.kg