www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ, 19-март күнү ички иштер министри Кашкар Джунушалиев Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун“2019-жыл Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы катары жарыялоо” Жарлыгынын талаптарын ишке ашыруу максатында, ички иштер министрлиги тарабынан Жалал-Абад облустук милициянын имаратында “Бирдиктүү терезе” принциби боюнча иштеген мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү борборун ачуу аземине катышты.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Кашкар Джунушалиев “Бирдиктүү терезе” принциби боюнча иштеген мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү борборунун техникалык мүмкүнчүлүктөрү менен таанышты. Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Кылыч Жолдошев документтерди берүү процесси кандайча боло тургандыгын, жарандарды тейлөө тартиби жана көрсөтүлө турган кызматтардын түрлөрү жөнүндө айтып берди.
Борбордун ачылышында Кашкар Джунушалиев - бул борбор жарандарга сапаттуу кызмат берүүнү денгээлин жогору көтөрүү максатында өлкөнүн ички иштер органдарын реформалоо алкагында ачылды. “Бирдиктүү терезе” принциби киргизилип, эми жарандар зарыл документтерин чогултуу үчүн бир канча инстанцияларга кайрылып убара тартпайт. Системанын киргизилиши менен справкаларды алуу тартиби кыйла жөнөкөйлөшүп, аларды берүү мөөнөтү кыскарат. Система ошондой эле мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө коррупцияны жоюуга өбөлгө болот,- деп баса белгиледи
Жалал-Абад облусу боюнча “Бирдиктүү терезе” борбору адамдын кылмыш жоопкерчилигине тартылганы-тартылбаганы, өлкөнүн аймагында соттолгону-соттолбогону тууралуу справкаларды; кооптуу жүк ташыган транспорт каражаттарына уруксат кагаздарын; жарандык жана кызматтык курал-жаракты, кооптуу жардыргыч материалдарды жана пиротехникалык буюмдарды кабыл алууга жана берүүгө лицензияларды жана уруксат кагаздарын берүү кызматтарын айтып кетти. Ошондой эле, жарандардын кызматкерлер менен байланышын азайтып, коррупциялык көрүнүштөрдү кыскартат.
Мурда Жалал-Абад облусу боюнча жарандардан милициянын дарегине көптөгөн нааразычылыктар болсо, борбордун ачылышы менен бул көйгөй чечилди. Төлөм акысы борбордо жайгашкан терминалдарында жүргүзүлөт. Ар бир кызматтын төлөм акысы документтердин алуу убактыларына жараша болот. Аталган борбор бүгүнтөн баштап иштей баштады.
Борборду ачуу аземинен кийин Кашкар Джунушалиев Жалал-Абад облустук милиция башкармалыгынын жаңы оңдоп-түзөөдөн өткөн имаратын жана жол кыймыл коопсуздугун камсыз кылуу бөлүмүнүн имараттарына барып барып, жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштери жакындан таанышып чыгып, ремонтту толук аяктоо боюнча ИИМдин тиешелүү кызматтарына тапшырмаларды берди.
Жалал-Абад шаары боюнча иш-сапардын жүрүшүндө Кашкар Джунушалиев Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүн капыстан текшерүүгө алды. Ал жерде ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө кирип, жумуш бөлмөлөрү жана эс алуу шарттары менен таанышып, эс алуу бөлмөсү азыркы учурдагы талаптарга жооп бербегендигин белгиледи.
Ошондой элеБузуулардын бирдиктүү реестринин жана Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри боюнча ишмердүүлүгү да текшерүүгө алды. Андан сырткары тергөө жана жоруктар жөнүндө иштер боюнча кызматтардын ишмердүүлүгүн, кылмыш жана жорук иштери менен үстүрттөн таанышып жаңы жылдан бери катталган кылмыш иштери боюнча тергөө амалдары начар жүргүзүлүп, атайын тапшырмалар өз убагында берилбей жатканын белгилеп жана ошондой эле Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүнжетекчилигинебети ачылбай жаткан кылмыштар боюнча тиешелүү ыкчам-иликтөө иш чараларын күчөтүп, көзөмөл жүргүзүү зарыл экендигин эскертти.
ИИМдин Басма сөз кызматы
Булак: NazarNews.kg