www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлик 2019-жылдагы айыл чарба талаачылык иштерине  айдап себүү жана оруп жыйноо иштерин өз убагында өткөрүү  максатында,“2019-жылы мезгилдик айыл чарба талаа жумуштарын өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын айыл чарба субъектилерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №10-б буйругу 2019-жылдын 1-февралында кабыл алынды.

Аталган буйрукка ылайык, 2019-жылдын түшүмү үчүн  жалпы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн себүү аянты 1219,4 миң гектарды түзүп, өткөн жылга салыштырганда 4,6 миң га көбүрөөк болжолдонууда. Негизинен арпа, жүгөрү, чанактуу өсүмдүктөр, пахта жана тоют өсүмдүктөрүнүн өстүрүүгө басым жасалууда.

Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жалпы себүү аянттарынын жогорулашынын себеби болуп пайдаланылбаган жерлердин кыскарышынан болууда. Бүгүнкү күндө республика боюнча пайдаланылбаган жерлердин аянты 67,3 миң га түзөт.

Жазгы талаа жумуштарынын жүрүшү тууралуу.

2019-жылы аба ырайынын ыңгайлуу шарттарына байланыштуу жазгы-талаа иштери былтыркы жылга караганда 15-20 күнгө эрте башталды. Нарын,  Ысык-Көл облустарынан башка республиканын бардык облустарынын айыл чарба субьектилеринде жазгы-талаа жумуштарынын жүрүшү отчеттук күнгө карата жакшы темпте өтүүдө.

2019-жылдын 18-мартына карата төмөндөгүлөрдү маалымдайбыз:

2019-жылдын түшүм үчүн себилген күзгү кылкандуу дан эгиндеринин  49.9 миң га жер аянттары азоттук жер семирткичтер менен азыктандырылган, же белгиленген тапшырманы 35.6%, же өткөн жылга караганда  8.8 миң га көпболду.

Жер айдоо иштери дагы өткөн жылдын көрсөткүчтөрүнө караганда алдыда жүрүүдө, республика боюнча  156,2 миң га жер айдалган, белгиленгендин 25,2% түзөт, же өткөн жылдын деңгээлине караганда 65,3 миң га көп болду.

Кылкандуу дан өсүмдүктөрүн себүү былтыркы жылга салыштырмалуу жогорку темпте жүрүүдө. Республика боюнча  78,5 миң га себилип, тапшырма26,2% аткарылып,  2018-жылдын деңгээлине караганда  37,1 миң га көп эгилди.

Алардын ичинен жазгы буудай- белгиленген 116,5 миң га  24,9 миң га аянтына себилген, же тапшырманы  21,4%, аткарылып, же өткөн жылга караганда 10,6 миң га көп себилген.

Жазгы арпа боюнча жалпы 182,7 миң гатапшырманын 53,6 миң га себилип,  тапшырма - 29,3% аткарылып, өткөн жылга караганда  26,5 миң га көп себилди.

Ошондой эле, картөшкөнү отургузуу 3,2 миңга жерге жүргүзүлдү, же  тапшырма3,9 % түзүп, 2018-жылга караганда 300,0 га көбүрөөк себилди.

Жашылча-1,5 миң га жерге себилип,  тапшырма 2,8%ке аткарылып, өткөн жылга караганда 0,9 миң га көп отургузулду.

Ал эми облустардагы аткарылып жаткан иштер төмөндөгүдөй.

Баткен облусунда күздүк кылкандуу дан эгиндерин кошумча азыктандыруу иштери 2,9 миң га аянтта жүргүзүлүп, тапшырма  54,7 % аткарылды.

Жазгы жер айдоо иштери белгиленген 43,9 миң гектардан, 19,3 миң гектар аянтта жүргүзүлүп, былтыркы жылга салыштырмалуу 3,1 миң га көп болду.

Жазгы кылкандуу дан эгиндери-8,8 миң га себилип, тапшырма 47,1% аткарылды.

Буудай себүү иштери белгиленген-7,4 миң гектардын 2,1 миң га аянты себилип, тапшырмага карата 28,4% түздү.  Арпа 6,7миң га аянтка себилип тапшырма-59,3 % аткарышты . Картошка отургузуу иштери 300га аянтта жүргүзүлүп, белгиленгенге карата 11,5 % түздү.

Баткен облусунун Лейлек районунда айдап-себүү иштери жогорку темпте жүрүп, буудай себүү-26,8 %, арпа себүү иштери  47,5 % аткарылды.

Ош облусу. Күздүк кылкандуу дан эгиндери 18,3 миң га аянтта азыктандырылып, тапшырмага  карата 90,1%түздү.

 Жер айдоо 21,4 миң га түзүп, же тапшырма 26,7 % аткарылды, арпа себүү-6,3 миң га аянтка жүргүзүлүп, же тапшырма 38,2% түздү, буудай себүү тапшырмасы 35,4 %, же 7,9 миң га себилди.

Андан тышкары картөшкө отургузуу иштери-1,8 миң га,жүргүзүлүп, же тапшырма 13,3% аткарылып,  анын 1,5 миң га Араван районунда отургузулду. Ал эми Кара-Суу,  Ноокат райондорундакартөшкө отургузуу иштери жаңы башталды. Аталган райондордо айдап-себүү иштери жакшы темпте жүрүп жатат. Ошондой эле  жашылча себүү  200,0 га аянтта жүргүзүп, тапшырма 1,6% түздү.

Жалал-Абад облусу боюнча дагыбир топ иштер жүргүзүлүп жатат. Жазгы жер айдоо 18,2 миң га жүргүзүлүп, сунушка карата 27,0% аткарылды.  Кылкандуу дан эгиндерин азыктандыруу 8,5 миң аянтта жүргүзүлүп, тапшырма 67,5%түздү. Буудай себүү 31,6%, арпа  себүү тапшырмасы  36,9% аткарылган. Картошка 1,1 миң га отургузулуп, тапшырма 12,1% болуп, былтыркы жылга караганда 300 га көп болууда. Жашылча өсүмдүктөрү 800 га аянтка себилип, 6,7% же былтыркыга салыштырмалуу 500 га көп жүргүзүлүп жатат.

Жазгы талаа жумуштары Базар-Коргон, Ноокен, Сузак райондорунда жогорку уюшкандыкта  жүрүп жатат.

Чүй облусу боюнчакылкандуу дан эгиндерди азыктандыруу 20,2 миң га аянтта жүргүзүлүп, былтыркы жылга салыштырмалуу 5,2 миң га көп.   Жазгы жер айдоо тапшырмадагы  196,8 миң га ордуна 96,6 миң гаайдашыптапшырманы 49,1% аткарышты,  ал эми  кылкандуу дан эгиндерин себүү 51,1 миң га же тапшырма41,7%   аткарылды.

Буудай себүү иштери 13,7 миң га аянтта жүргүзүлүп, сунушка карата 49,8% түзүп, өткөн жылдан 9,8 миң га көп себилди. Ал эми облустун Чүй, Ысык-Ата, Жайыл жана Панфилов райондору буудай себүү тапшырмасын 45-50,0 % аткарып коюушту.

Арпа себүү иштери-37,4 миң га же тапшырма 39,3 % аткарылып, 2018-жылга караганда 23,3 га көп эгилди. Арпа себүүдө Чүй, Жайыл, Москва  Аламүдүн райондору тапшырманы алдыңкы орунда аткарышып жатышат.

Чүй облусунда башка айыл чарба өсүмдүктөрүн себүү иштери жаңыдан башталып  кызылча эгүү – 100 – 200 га  жүргүзүлдү.

Талас облусунун жазгы тала жумуштары  жаңы башталып , облустун Манас районунда 300 га жерге арпа көп жылдык чөп эгилди. Ал эми Ысык-Көл облусунда март айынын аягында Нарында апрелдин биринчи он күндүгүндө баштоо болжолдонууда.

Булак: Nazarnews.kg

Последние новости