www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Билим дегенде, өтө позитивдүү ойлонбоңуз. Кайсы бир илимий проект каржылаганда байытабы, күчтөндүрөбү деген ойдун негизинде гана каржыланган. Дүйнөдөгү адамзаттын бактылуулугун кантип көбөйтөбүз дегендей темадагы изилдөөлөр спонсор таап ишке ашуусу кыйын болчу. Мисалы жаш балдардын психологиясын изилдеп, дагы канткенде аларды бактылуу кыла алабыз дегендей изилдөө менен, уйларда сүттүүлүктү көбөйтүүчү химиялык зат ойлоп табуу сыяктуу эки изилдөөнүн кайсынысы изилдениши мүмкүн? Албетте экинчиси.
Маданияттарды изилдөө. Билим Мусулмандардын тарыхын үйрөнүп баалуу мурастарын азыркы муунга жеткирели, жакшы сапаттарын үйронөлү деп изилдеген эмес. Булардын маданиятында кандай оош-кыйыштар бар, кандай каршылаштыктар бар, кайсы тарыхын кантип өзүбүздүн саясатты жүргүзүү үчүн, бийликти сактап калуу үчүн колдонобуз деген максатта изилдеген.
Аны менен да калбай, биологдор, антропологдор лингвисттер Европанын улуу эл экенин, акылдуурак экенин далилдеген бир топ илимий изилдөөлөрдү жасап, Европанын башка элдердин үстүнөн үстөмдүгү жана башкаруусу зарыл экенин, башкаларга жол көрсөтүп, илимге жол ачуусу керектигин айтып чыгышты.
Бүгүн баарыбыз сөз жүзүндө Европаны ушунчалык жаман көрүп жаткан болушубуз мүмкүн. Бирок, планетадагы ар бир адам саясат, медицина, согуш, террор, экономиканы Европанын көзү менен, батыштын медиасы менен тааныйт. Европанын мелодиясы менен жазылган музыкаларды угат, кинолорду көрөт. Дүйнөлүк экономикалык күч болуп келаткан Кытайдын экономикасы деле Европа финансы моделинде.
26 адам = 3,8 миллиард адам
Бул ач көздүк саясаттын соңу эмнеге алып келди? 2019-жылдагы дүйнөлүк киреше позитивдик экономика менен караганда 1500-жылдагыга караганда өтө ийгиликтүү, байыдык. Бирок, нормативдик экономика менен караганда, өтө начар. 2019-жылы 26 эң бай адамдын байлыгы планетадагы калган жарым адамдын байлыгы менен бирдей. 26 = 3 800 000.
Тарыхты карап келечекти биле албайбыз. Бирок, азыркы абалыбызды жакшыраак түшүнөбүз. Булардын баарын келечекте башыбызга кандай белээ келиши мүмкүн экенин түшүнүү үчүн билишибиз керек.
Биз азыр өзүбүздү таануунун заманы келди. Биз деген биз- эл аралык мамилелер теориялары 3-дүйнө өлкөлөрү деп атаган өлкөлөрү.
Сөзүмдүн аягы. 1500-жылдардагы Европанын абалы менен азыркы учурдагы Ислам дүйнөсүнүн абалын салыштырып көрүңүздөр. Абалыбыз Кудайга шүгүр. Биз да ошол кездеги европалыктарга окшоп бир жол таба турган абалга жетип атабыз. Мусулмандарга болгон кысымдын күчөшү, бул демек мусулмандар чоң секирик жасашына аз калды деп үмүттөндүрөт.
Гиза Маматкулова, Түркия
Булак: NazarNews.kg