www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ колдогон сириялык оппозициялык күчтөр Сириянын чыгышындагы Багхуз шаарын ээлешти. Багхуз "Ислам мамлекети" террордук тобунун акыркы чеби деп саналчу. Жүздөгөн согушкерлер багынып беришкени кабарланды. Бул тууралуу маалыматты Азаттык билдирди.

Сирия демократиялык күчтөрүнүн басма сөз катчысы Мустафа Бали “Багхуздагы лагерди ээлөө – чоң кадам болгону менен, жеңиш тууралуу айтууга али эрте” деп билдирди.

ИМ тобунун көзөмөлү алдында Евфрат суусунун жээгиндеги чакан аянт калды. Мындан тышкары террорчулардан бошотулган аймактарда да жашырынган топтордун келечекте баш көтөрүү коркунучу ыктымал.

Багхуздун алынышы - "Ислам мамлекетинин" согушкерлери Сирияда жарыялаган “халифаттын” жок болушун билдирет.

Акыркы төрт жылдан бери АКШ колдогон козголоңчулар “халифатты” жок кылууга ийгиликтүү иштерди жүргүзүштү.

Мустафа Балинин айтуусунда, Багхузда туткунга алынгандардын арасында Сириянын түндүгүндөгү терактка шектүүлөр да бар. Быйыл январдагы жардыруудан 16 киши өлгөн, анын төртөө АКШ жарандары.

АКШ Сирияда 200дөн ашуун аскерлерин тынчтык орнотуучулар миссиясынын курамында калтырууну пландап жатканын маалымат каражаттары жазып чыгышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости