www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Денгээлдин таразасы

"Айтпайын десем акмаксың, айтайын десем байкушсуң"- дегендей эле иш болуп калды.  А.Атамбаев адатынча эл алдына чыгып дагы бир топ оюна келгенди балп эттирди. Мейли эми ал Атамбаевдин адаттагы иши деп коелу.

Кыргызым ойлонолучу. Чын эле жалпы элибиздин  түшүнүк деңгээли ушунчалык төмөн куладыбы? Байкашымча кыргыз элинин акыл-эс түшүнүгү  ордунда эле турат. Болгону А.Атамбаев гана кыргыз элин деңгээли төмөн караңгы, дагы өз деңгээлиндеги чала кайым эл деп ойлоп атат көрүнөт.

Астына ала айтайын экс- Пезиденттин беделине кенедей да шек келтирейин деген оюм жок. Болгону өз оозунан чыккан фактыны гана талдагым келет.

Президентти баш мыйзамыбызда "Эл шайлайт"-деп турат. Муну эми эң төмөнкү катмар кайырчыдан баштап экс-Президенттерге чейин жакшы билишет.  А.Атамбаев болсо "Мен С.Жээнбековду Президент кылганым үчүн кыргыз элимден кечирим сурайм"- деди. Бул жерде Президенттик шайлоодо добуш берген эл кайда калды? Болуптур элдин көбүн А.Атамбаев сатып алдыбы, азгырдыбы, үгүттөдүбү С.Жээнбековго добуш бердирген экен. Президенттик шайлоо бүткөндө биринчи болуп "Кыргыз тарыхында биринчи жолу эң таза Президенттик шайлоо болду"- деп кыйкырып чыккан А.Атамбаев эмес беле. Ошондо А.Атамбаев "Кыргыз эли акмаксыңар мен силерди ушундай шайлоо өткөзүп ушинтип алдап калп кыйкырып коем. Силер болсо кулагыңарды шалпыйтып менин сөзүмө ишенесиңер"- деп элди? шылдыңдады  беле.. Тагы таза шайлоо өткөн эмеспи? Эгер таза шайлоо өтпөсө биринчи күнөкөр А.Атамбаев экенин моюнуна алып жатат го. Анда мыйзам алдында токтоосуз жооп бериши керек го. "Мамлекеттик түзүлүштү кыйратууга карата жасаган чыккынчылык иши үчүн"- деген таризде.

Таза шайлоо өткөн болсо С.Ш. Жээнбековду эл шайлады да. Эл шайлаган  мыйзамдуу Президентке А.Атамбаевдин акаарат келтирүүгө кандай акысы бар?

Болуптур А.Атамбаев ушундай мыйзам менен да иши жок, Элдин ой пикири менен да эсептешпеген, Мамлекеттик кызыкчылык дегенге өмүрү түшүнбөгөн жеке байлыгын гана ойлогон адам дейли "Жараткан кыргыз элин сынадыбы, ушундайлар деле эл башына келип калышы мүмкүн, сак болгула көзүңөрдү ачып жүргүлө"- дедиби кыскасы 6 жыл Президент болду. Өз жоругу өзү менен кетсин. Жараткан Кудайым кыргызга экинчи мындайды жолотпосун.

Башканы койдук да Президент деген ким? Ушул түшүнүккө токтололучу. Президент бул жай чечмелеп айтканда бүтүндөй мамлекет, мамлекеттеги жашаган эл өз тагдырын ишенип берген, мамлекеттин башчысы кылып шайлаган адам. Ал адам Президент болуп шайланган күндөн баштап биринчи орунга мамлекеттин, элдин, улуттун гана кызыкчылыгын коет. Бодду. Президентте 2-3 деген кызыкчылыктар жок. Бүт өчүшү керек. Тууганчылык, досчулук, жердештик, ж.б.. толгон кызыкчылыктар Президенттик мөөнөтү бүткүчө токтотулушу керек. Мына ушундай жоопкерчиликти мойнума алам жана аткарам деген адам гана Президенттикке барышы керек. Муну ириде мага окшогон жөнөкөй жазуучу эмес экс-Президент жакшы билиши керек эле. Эгер ал Президент болуп турганда мамлекеттин, эдин, улуттун кызыкчылыгы деп гана иштеген болсо. А.Атамбаев бул жагынан да антип мамлекет, эл, улут үчүн эмес айланасындагы коррупциялык топ үчүн иштегенин өзү далилдеп атат. Болбосо Президент С.Жээнбековго "Керек болсо мага да караба, мамлекет үчүн эл үчүн иште"- деп биринчи А.Атамбаев айтышы керек эле. "Мени сатып кетти"- дебей.

Президент С.Ш.Жээнбеков шайлоо алдында көп айтуучу "Мен Президент болуп шайланып калсам, мамлекеттин, элдин кызыкчылыгын биринчи орунга коем"- деп.Бул  көп айтылуучу жөнөкөй бирок мааниси өтө тереңдеги улуу сөз. Президент С.Жээнбеков ошондогу эл алдында айткан убадасын бүгүн так аткарып жатат. Президенттин башкы бир гана милдети бар экенин иш жүзүндө көрсөтүүдө. Буга далилдин деле кереги жок.

А.Атамбаевдин ою боюнча С.Жээнбеков Президент катары элди эмес А.Атамбаевди тандашы керек экен. Демек А.Атамбаевде "Мамлекеттин Президенти"-деген түшүнүктү 6 жыл бою бир фирманын же өзүнүн Форумунун Президенти катары карап эле чаташтырып жүргөн.

С.Жээнбеков Президент болуп шайланары менен эле анын А.Атамбаев жана башка да достору менен достук мамилеси бүткөн. Кайталайын Пезиденттин бир гана жападан жалгыз милдети бар. Ал мамлекет, эл, улуттун кызыкчылыгы деп иштеш. Ага тууганы да досу да жердеши да "Мени сатып кетти"- дешке акысы жок. Ал эч кимди саткан жок. Ал Президенттик милдетин аткарганы кетти. Жаныңардан чыгаргынар келбесе Пезиденттик шайлоого кошпошунар керек болчу. Президент болуп шайландыбы  акылың болсо ал айта электе өзүң коштош. "Аман жүрүп аман кел. Милдетиңди таза так аткар. Каның көөкөрдө, баш канжыгада"- дечү заманында эл башына барган каганга дос туугандары. Акыл эси жайындалар "Мени сатып кетти"- деп чимкиригин агызып бир айтып бир койбой ыйлай бербейт.

Аттиң арман кыргыз элим көптү көргөн байыркы элсиң. Кат сабатың деле жоюлган. Качан эл башына баруучуларга тараза ташын туура койгонду үйрөнөр экенбиз.

Чолпонбек Абыкеев, жазуучу

Булак: NazarNews.kg

Последние новости