www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

СҮРӨТ - Көмүр 3 миң сомдон сатылып жаткан жердеги ажиотаж

Президенттин басма сөз кызматы бүгүн, 16-ноябрдан тартып Бишкек шаарындагы Мурманск 1Б/1 дарегинде көмүрдүн 1 тоннасы 3 миң сомдон сатыларын билдирген. «Тazabek» басылмасынын кабарчысы айтылган дарекке барып, ал жактагы абал менен таанышты.

Пазыл аттуу жаран учурда Казакстанда казылган Каражыра көмүрүн сатып алууга 700дөн ашуун киши кезекке жазылганын айтты.

«Көмүрдү бүгүн ала аламбы — суроо. Эгерде кезек жетпесе, анда эртең дагы келем. 2 тоннадан берип жатышса да, баары 1,8 тоннадан алат болуш керек», - деди ал.

Ал эми Абдырахман аттуу жаран базага 180 тонна Каражыра көмүрү келип түшкөнүн билдирди.

«Дагы алынып келет. Бүгүнкүгө жетеби, билбейм», - деди ал.

Кезекке тургандардын арасында ортомчулар жокпу деген суроого, Абдырахман баарына милиция көз салып жатканын айтты.

«Алар абалды көзөмөлдөп, тартипке салып жатышат. Баардыгы кезекке жазылууда. Кудай буюрса баарына көмүр жетет», - деди ал.

Ал эми милиция кызматкерлери маалымат берүүдөн баш тартышты.

Ошондой эле жеринде ЖКККББнын кызматкерлери да унаа кыймылына көз салып жатышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости