www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Укук коргоо органдары тарабынан бизнести мыйзамсыз текшерүүлөр уланууда. Бул тууралуу Башкы прокурор Курманкул Зулушев бүгүн, 16-ноябрда Коррупцияга каршы ишкерлер кеңешинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан ишкерликти мыйзамсыз текшерүү фактылары аныкталган.

«Ошондой эле ИИМдин Ташкөмүр башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан ишкерликти мыйзамсыз текшерүү фактылары аныкталды. Алар бизнести мыйзамсыз текшерип гана тим болбой, ишмердүүлүгүн токтотуп коюшкан», - деди ал.

К.Зулушев айткандай, бул эки факты боюнча соттук териштирүү башталды.

Башкы прокурор ошондой эле Биринчи май районунда укук коргоо органдары ишкерлердин ортосундагы жарандык талаш-тартыштар боюнча ишти негизсиз сотко өткөргөнүн айтты.

«Бул иш кыскартылып, тергөөчүлөрдүн жоопкерчилигин кароо сунушталды», - деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости