www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сүрөт - комуз күнүнө карата  майрамдык иш-чаралар уюштурулду

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинде (ЖӨБЭММА) Комуз күнүнө арналган  майрамдык иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу аталган агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, иш-чарага Кыргызстан калкынын Ассамблеясынын курамына кирген “Түгөлбай Ата” коомдук бирикмесинин төрайымы, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Анаркүл Есенгулова жана ушул эле коомдук бирикменин мүчөсү Набиля Абдылдаева, ырчы, дастанчы Азиз Батыров катышты.

Майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө меймандар комузда кол ойнотуп, А. Огонбаевдин “Маш Камбаркан”, А. Айталиевдин “Ак-шоокум” күүлөрүн, Р. Абдыкадыровдун “Таанышыңдай карагын” ырын тартуулашты. Агенттиктин директору Бахтияр Салиев меймандарга мекеменин атынан ыраазычылык каттарын жана акчалай сыйлыктарын тапшырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости