www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пандемия бүткүл дүйнөнү дүрбөлөңгө түшүрдү. Анын алдында Америка сыяктуу кубаттуу өлкөлөр алсыз болуп калышты. Бул дүйнө жүзүнө тараган илдеттин артында жана аны менен күрөшүүдө кандай сырлар жашырылганын дүйнө эксперттери талкууга алышууда. Мына ушундай көз караштардын бири төмөнкү макала болду.

Чет өлкөлүк редакция серб кабарлар блогу Слободан Кошарич жазган бул кызыктуу макаланы жарыялады:

COVID-19 пандемиясы дүйнө жүзүнө тарады. Убакыт өткөн сайын эл пандемиянын адамзаттын келечегине коркунуч жаратаарына ишенбей, кесепеттеринен мурдагыдай кооптонбой калышты. Бирок, пандемия заманбап дүйнөнүн, айрыкча Батыштын бардык алсыз жактары эң курч формасында көрсөтүп койду. Бул өзгөчө шайлоо жылындагы АКШга тийиштүү, өлкө 1861-1865-жылдары жарандык согуштан кийин, ири ички тирешүүнү башынан өткөргөн. Ушундай алсыз жактарын иликтеп жана анализдөө зарыл, анткени ал дүйнө жүзүнө коркунуч туудурат. Анан калса дүйнө пандемиядан кийин азыркыдан жакшы да, жаман да болуп кетпейт.

Учурда биз АКШдагы CNN жана башка ири ММКлар дарыгерлерге жасаган цензурага таң калып бүтпөй жатабыз, алар фармацевтикалык гигант корпорациялар гидроксихлорохинди (HCQ) арзан деп тыюу салып, Ремдесивирди бир топ кымбаттаттуу менен адамдардын жашоосуна кандай таасир беришкенин айтууга батынышты. Мишель Чоссудовски жана Пол Крейг Робертс Трамптын кеңешчиси Энтони Фаучинин мындагы күнөөсүн көзгө сая көрсөтүп, кеңири жазып чыгышты. Дүйнөлүк банктын жана Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун "мыйзамдагы эмес" кеңешчиси Питер Кениг дүйнөнү бейформал жана тандалбаган элита топторунун көзөмөлсүз башкаруусунан куткарыш керектигин, айрыкча бул биз "улуу мамлекет" деп атап алган АКШга тийиштүү экенин акыйкат белгилеген. "Корона" жана "улуу мамлекет" тарабынан келген коркунучту биз иликтеп, талдап жана андан сабак алышыбыз керек. Бул жерге америкалык бийликтин COVID-19 пандемия учурунда кылган аракеттеринин так жана айкын маанисин чагылдырабыз.

АКШ өкмөтүнүн координациялык органынын "COVID-19" кризисин жеңүү боюнча документинин түп нускасы сырт көздөрдөн өтө кылдат жашырылбаган, андыктан аны окуп бир топ кызыктуу фактыларды таап чыгууга болот. Эпидемия жаңы башталганда Ак үй мамлекеттик катчы дайындаган, башкача айтканда саламаттык сактоо министри Алекс Азар америкалык CDC (дарттарды көзөмөлдөө жана алдын алуу Борбору) жана Жон Хопкинс университетинин эксперттери менен кез кезде жолугушууларды уюштуруп турмак болот. Ошол эле убакта мамкатчы Майк Помпео ал кездеги башкы инспектор Стив Линикти ушундай жолугушууларга катышууга жөнөткөн. Бүгүнкү күндө бул жолугушуулар АКШнын өкмөтүнүн пандемияга карата эң кадыр-барктуу Жогорку органынын макамында турат. Бирок эксперттер менен саясатчылардын пикири көбүнесе эки жактуу болду. Бул жолугушууларда америкалык саясатчылар эпидемиянын башталышында штаттын жетекчилигинин буйругу менен жарыяланган маалыматтар бир топ жумшартылганын моюндарына алышты.

Башкача айтканда, эпидемиянын биринчи этабында Трамп илдет жугузуп алгандардын жана андан каза тапкандардын чыныгы саны элге жетип калса, фонд рыногунда жана анын шайлоо органында олуттуу эреже бузуулар болоорунан чочулаган. Мындан улам саясий кийлигишүүлөрдүн айынан CDC коомчулуктун ишениминен чыккан. Буга карабай Помпео башкы инспектор Стив Линикти жолугушуулардын мониторингин улантууга жана маалыматтарды чыгаруу процессин көзөмөлгө алууга да дайындаган. Кыязы, эксперттерге бул такыр жаккан эмес. Ошол эле убакта АКШ администрациясы илимий макалалар жарыяланган, мисалы белгилүү «Nature» журналы сыяктуу бардык каналдарды көзөмөлгө алып баштаган.

Алар эпидемия тууралуу илимий макалаларды жазууга эксперттерди чогултушкан жана ошол эле убакта америкалык администрациянын кызыкчылыгына кайчы келген документтер жарыяланган жокпу деп кылдат иликтешкен. Жыйынтыгында, алар пандемияны каршылыкты козутуу үчүн пайдаланган, администрациянын көз карашына туура келбеген макалаларды жазган эксперттердин көңүлүн бурушкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости