www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаев өзүнүн Фейсбук баракчасынан төмөнкү пикирин билдирди:

"Калайык! Элди кыдырып бүтүп калдым. Тоң району калды. Буйурса жакында баарыңарга пландарды айтам. Ага чейин кызыктар көп, тамаша да көп. Шайлоо убадалары космос. 380 шайлоочусу бар айылга бир кандидат комбайн алып берем дептир. Баасы 7 млн сом. Эсептесем ар бир шайлоочу 18421 сом болот экен. Бул бери жагы эле.

Фап, бала бакча, мектеп ой койчу, салып берем дегендерчи. Бир бала бакча бери дегенде эле 31 млн сом. Кудайды карагыла. Бул алдоо, алданбагыла. Мунун баарын өкмөт кана сала алат. Калайык соц тармак, экономика, жол буга өкмөттүн кана күчү жетет.

Ишенбегиле. 1км асфальт жол, 5 млн сомдун айланасы. Бул да ички жолдор. Жолду такыр эч ким сала албайт, өкмөттөн башка. Анан мени шайлабасаң Кыргызстан жоголот, бүтөт дегенде жакаңы кармайсың да. "Так что", ушундай. Чыдабай кеттим, кечиргиле"- деген ал өз сөзүндө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости