www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

--Улан мырза, жакында болуп өткөн ар бир кыргызды ойго салган пандемиянын соккусунан кийинки мамлекетибиздин абалы сизди кандай ойго салды?

--Буга чейин ишкерлик менен алек болсом, пандемиядагы айлабызды таппай калган абал мамлекет тууралуу көбүрөөк ойлоого аргасыз кылды. Анткени пандемиянын соккусунан кийинки мамлекетибиздин абалы чыны менен санааркатты. Кантип Кыргызстаныма жардам кылам, кантип элимдин түйшүгүн жеңилдетем, кантип мамлекетке салым кошом деген маселе түйшөлттү. Анткени пандемиянын кесепети оңой болгон жок. Жоготуулар менен кошо экономиканын төмөндөшүнө алып келди. Мындай учурда дагы эмне болор экен деп сырттан карап турганга түтпөйт экенсиң. Элимдин маселесин чечүүгө кол кабыш кылайын, мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошоюн деген ой менен партияга мүчө болдум.

--Эмне максат менен “Мекеним Кыргызстан” партиясына мүчө болдуңуз?

--Себеби “Мекеним Кыргызстан” партиясынын программасы, максаты, приоритети жана принциптери купулума толду. Партиянын программасында мени түйшөлткөн көп жагдайлар жазылып, абалдан чыгуунун жолдору да сунушталыптыр. Ошондой эле “элибиз – эң башкы байлыгыбыз” деген урааны да кайдыгер калтырган жок. Ойлонуп-толгонуп отуруп “Мекеним Кыргызстан” партиясы менен шайлоого барайын, алдыга койгон максаттарымды ишке ашырайын деген чечимге келдим. Себеби “Мекеним Кыргызстан” партиясынын программасында мамлекетти саздан чыгаруу, билимди өркүндөтүү, саламаттыкты сактоо тармагындагы катачылыктарды жоюу, маданиятты көтөрүү, үйсүз үй-бүлөлөрдү үйлүү кылуу, ишкерликти, элетти өнүктүрүү, бизнес каттоону жөнөкөйлөтүү, интернетти ар бир адамга жеткиликтүү кылуу, деги койчу мамлекеттин абалын жакшыртуу боюнча толгон-токой негиздүү сунуштар жазылыптыр. Мына ушундай чоң максаттарды ишке ашыруу үчүн шайлоого аттандым.

--“Мекеним Кыргызстан” партиясы мамлекетибизди алдыга сүрөп, элибиздин жаркын жашоодо жашашына шарт түзөт деген ишеним барбы?

--“Мекеним Кыргызстан” партиясы мамлекетибизди алдыга сүрөп, элибиздин жаркын жашоодо жашашына шарт түзөт деген ишенимим зор. Биздин партиянын программасы кагаз жүзүндө калбайт, ишке ашат. Биздин партия мекенди сөз менен эмес, иш менен сүйөрүн далилдейт. Биз ийгиликке жетсек, мамлекетибиз да жеңишке жетишет.

Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Последние новости