www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коронавирус энеден ымыркайга эмчек сүтү аркылуу жукпайт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы Facebook баракчасы аркылуу билдирди.
Маалыматка ылайык, кокус бала эмизген аялда коронавирустун белгилери байкалса, ал ымыркайын кооптонбой эле эмизе берсе болот. Негизи бет кап тагынып алып эмизүү сунушталат. Кокус ага шарты туура келбесе, анда эч нерсе болбойт.
«Эмчек сүтүндө баланы вирустан коргоочу иммуноглобулин жана антителолор бар. Коронавируска шектелген же оорусу тастыкталган энелер баланы эмизе берсе болот. Анткени коронавирус эмчек сүтү аркылуу жукпайт. Эмчек сүтү баланы ар кандай инфекциялардан коргойт», — деп айтылат маалыматта.
Бул арада адистердин дээрлик бардыгы ар бир эне баласын 2 жашка чыкканга чейин өз сүтү менен азыктандырышы керектигин айтып келишет.
Булак: NazarNews.kg