www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Маалымат боюнча калктын жашоосуна коркунуч туудурган Кытайдын аймагындагы 22 провинцияда жана муниципалитеттерде 1,1 миллиарддан ашуун эл жашайт.

Белгилүү болгондой Кытайдагы коронавирус деп аталган  пневмониядан жабыркагандардын саны 1287ге жетип, бир суткада 444 адамга көбөйгөн. Оорудан каза болгон 41 кишинин 39у Хубей провинциясында болсо, экөөсү Хэбэй жана Хэйлунцзян провинцияларынын тургундары экендиги такталды.

Бүгүнкү  Кытай өкмөтүнүн маалыматы боюнча 1287 киши аталган оору менен жабыркаса, анын 100ү оор абалда, ал эми 57си өтө оор экендиги айтылды.

Акыркы маалыматтар боюнча ушул оорудан айыккан фактылар да катталды. Кабарларга караганда 38 киши бул оорудан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Алардын бири менен чет элдик маалымат булактары маектешкенде 24 жаштагы жигит: “Оорудан айыгуу үчүн өзгөчө ыкма кылган эмесмин. Мага айыгууга жаштыгым менен жакындарымдын камкордугу себеп болду окшойт”,- деп айтып берген. Дарыгерлер сакайган жигиттин иммунитети күчтүүлүгүн кошумчалашты

Бул вирус ушул эки жаныбар-жыланды жана жарканаттын шорпосун ичкен адамдарда пайда болгондугун ММКлар жазышууда. Ал эми башка элдер Кытайдын эли бардык жаныбарды ылгабай, бышырбай жегендиктен ушул ооруну жараткан деп айтышууда

 


Булак:NazarNews.kg

Последние новости