www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Надира Нарматова КР Президенти Сооронбай Жээнбековго өзүнүн пикирин билдирди.

Урматтуу президент Жээнбеков Сооронбай Шарипович!

Бүгүнкү айткан сөзүңүздү, эртерээк айтышыңыз керек эле. Мүмкүнчүлүктү эбегейсиз бердиңиз. Бүгүнкү кызматты ээлеп олтурган кадрлардын колдорунан чечкиндүү кадамдарга барып, ыкчам чара көрүү келбейт. Келсе эки жыл чоң убакыт. Бюджетке миллиарддарды төктүрүп, колуңузга кол, бутуңузга бут болуп, элге бийликтин ишеничин кайтарып бермек. Жетимге жем ташташкансып эптемей күрөш жүрүп жатат. Коррупция күндөн-күнгө өсүүдө. Саламды акча берсең алик алып калган заманга жеттик.

Президенттин сөзүн, айтканын, берген тапшырмасын өз убагында аткарышпады. Айтылган сөздү иш менен айкалыштырган жок. Куру сөздөн ишке өтүү чектелүү. Ылымта болуп, бар-жоктун ортосунда жүрүшөт. Бул деген сиздин жүргүзгөн саясатыңызга карама-каршы иш жүргүзгөндүк, же дагы деле шпагатта олтургандар. Эки жылды өткөрүштү. Ызаттары, сый-урматы бүттү. Кимдин ким экендигин эл түшүндү. Мындан ары мүмкүнчүлүк берип күтүүнүн зарылчылыгы жок. Азыр да кеч эмес. Эгерде элдин алдында, жүзүңүз жарык болуп, берген убадаларыңыз толук мөөнөтүндө аткарылсын деп ойлосоңуз, башка ойлонууга жол жок.

"Кетип калгыла арыз жазып өзүңөр" -дегенге негиз жок. Бул командадан жыйынтык чыкпайт. Иштей турган чечкиндүү, духу бар, кесипкөй, таза, тартынбаган, чыгармачыл, идеясы, тажрыйбасы, билими бар кадрлар менен тез арада алмаштырып, күчтүү команда түзүңүз! Өлүп кетсе арыз жазып кетпейт өздөрү. Жемкорлор тумшугуңузда олтурушат. Калп эле башын жерге салып коюп, “ӨЗҮМ БИЛЕМ" - деп, ичинен сүйлөнүп коюшат.

Жемкор, ылымта, өлүмүштөрдөн тазаланыңыз! Өзүңөр кетиргиле! Өзү жараксызмын деп айтмак беле. Орунду ээлеп, уялбай кирип-чыгып, эсептен өтүп, министр, төрага, башкарма, губернатор, аким, прокурор, сот, начальник болуп отургандарды карап, ылгап чыккыла.

Эл билет ким жарактуу, ким эптемей экенин. Коомчулуктун пикирин уккула. Эл өзү тандап берет иштей турган күчтүү кадрларды. Таттыктуу кадрлар толтура өлкөдө. Аларды айланаңыздагылар жолотпойт. Жеке өзүңүз карап чыгыңыз. Байдын уулу болсо да, тойдум деш керек!

Канчалык тез кутулсаңар ошончолук иш алдыга жылат.

Мамлекеттик кызматтын кадырын, жоопкерчилигин сезген, өз кесибинин устаты болгон тармактык таттыктуу кадрлар менен кадрдык реформаны тез жүргүзсөңүз, коррупция менен күрөшүүда жеңил болот. Анткени мамкызматтарды, сот, прокуратура, укук коргоо органдарын бизнес борборго айландыргандардан кутулуш керек.

ЖК, өкмөт, аткаруу бийлиги, жергиликтүү бийликтер өз кызмат орунда туруп, эки жылда натыйжа бербеди, башка мүмкүнчүлүк берүүнүн зарылчылыгы жок. Коррупция менен коррупционер күрөшмөк беле. Убакыт күтпөйт. Коррупция менен күрөшүү комплекстүү жүрүш керек. Ошондо сиздин программаңыз жана коррупция менен күрөшүү боюнча аракетиңиз натыйжа берет, деп билдирди ЖК мурдагы депутаты Надира Нарматова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости