www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганга жана Түркия элине Элязыг провинциясынын Сивриже шаарында жер титирөөнүн кесепетинен курман болгондорго байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

«Элязыг провинциясынын Сивриже шаарында жер титирөөнүн кесепетинен көптөгөн жарандардын курман болгондугу тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Сизге жана жалпы Түркия элине терең көңүл айтам. Каза болгондордун бир туугандарынын жана жакындарынын орду толгус жоготуу азасын тең бөлүшөм. Бардык жабыр тарткандардын тез арада сакайып кетүүсүн каалайм», — деп белгиленет көңүл айтуу телеграммасында.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости